Орусиянын бир катар аймактарында бензин менен дизелди сатууга чектөөлөр киргизилип жатканда Казакстандын бийлиги ички рынокто күйүүчү-майлоочу материалдардын тартыштыгы жок экенин билдирүүдө.
Ошол эле учурда өлкөдөн күйүүчү майды мыйзамсыз алып чыгууга каршы көзөмөл күчөтүлөт.
20-июнда премьер-министр Олжас Бектенов тиешелүү мамлекеттик органдарга чек аралардагы көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
Өкмөт мыйзамсыз ташып чыгуу схемаларына бөгөт коюп, мунай өнүмдөрүнүн өндүрүлүшүнө туруктуу мониторинг жүргүзүүнү көздөөдө.
Казакстанда күйүүчү май баасы узак жылдар бою базар баасынан төмөн кармалып келген. Бул күйүүчү майды мыйзамсыз ташып чыгууга түрткү болуп келген.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы бир айда өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылмакчы болгон болжол менен 12 тонна күйүүчү-майлоочу материал кармалган.
Орусиянын көптөгөн аймактарында жана Москва аннексиялап алган Украинанын аймактарында июнь айында бензин тартыштыгы байкала баштады. Буга украиналык дрондордун орусиялык мунай иштетүүчү заводдорго жасаган чабуулдары себеп болгону айтылууда.
Июнь айынын ортосунан тарта өлкөдө күйүүчү майдын баасы да кескин өсө баштаган.
Reuters агенттиги тармактагы өз булактарына таянып жазгандай, дрон соккуларынан улам Орусиянын борбордук бөлүгүндөгү ири мунай иштетүүчү заводдордун иши токтогон.
Натыйжада июнь айынын ортосунда өлкөдөгү бензин өндүрүшү 2025-жылдын июнундагы орточо күндүк көрсөткүчкө салыштырмалуу болжол менен 25% кыскарган.
Быйыл март айындагы, мунай иштетүүчү заводдорго каршы чабуулдар күчөй электеги деңгээл менен салыштырганда өндүрүш 20–25% азайган.
Орусиянын дагы алты аймагында күйүүчү май сатууга чектөөлөр киргизилгени 23-июнда белгилүү болду. Жалпы 53 аймакта чектелип сатылып жатканын жергиликтүү бийлик жетекчилери маалымдашкан.
Бир катар облустарда бир машинеге 30-40 литрден гана бензин куюга уруксат.