Казакстан: Жүзүн толук жаап жүргөнү үчүн бир жылда 1,5 миңден ашуун адам жоопко тартылды

Иллюстрация.

Казакстанда жүздү толук жаап турган кийим кийүүгө тыюу салынган мыйзам күчүнө киргенден бери 1613 адам административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу 23-июнда өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, мындай талап «Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» мыйзамда каралган жана коомдук жайларда адамдын жүзүн таанууга тоскоол болгон кийимдерди кийүүгө тыюу салат.

Чектөөнүн аба ырайына байланыштуу учурларга, медициналык көрсөтмөлөргө, кызматтык милдеттерди аткарууга, ошондой эле спорттук жана маданий-массалык иш-чараларга катышууга тиешеси жок.

Мыйзамды биринчи жолу бузгандарга эскертүү берилет.

Эгерде ошол эле адам бир жыл ичинде кайрадан эреже бузса, ага он айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат. Бул болжол менен 90 АКШ долларына барабар.

Жүздү толук жаап турган кийим менен коомдук жайда жүрүүгө тыюу салган мыйзам Казакстанда 2025-жылдын июль айынан тартып күчүнө кирген.

Буга чейин полиция өкүлдөрү бул норма дин тутуу эркиндигин чектөөгө багытталбаганын, анын максаты коомдук коопсуздукту камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо экенин билдиришкен.

Дагы караңыз

24-июндун аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтМанаста жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалдыЛиван менен Израилдин ортосунда жаңы сүйлөшүүлөр башталат