24-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 27…32
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күңдүз 19…24
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 30…32° жылуу болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 23…25° жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 23-июнда эртең менен 19,7° түздү.
Дагы караңыз
Шерине