Ош шаарындагы таза суу маселеси парламентте көтөрүлдү

Ошто шаары. Ак-Буура суусу.

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Ош шаарына таза суу берүү убактылуу токтотулганы боюнча маселе Жогорку Кеңештин 24-июндагы жыйынында көтөрүлдү.

Парламенттин депутаты Алтынбек Кудайбердиев Ошто таза суу көйгөйүн тез арада чечпесе жаан жааган сайын суу берүү үзгүлтүккө учурап, эл кыйналып жатканын айтты.

Ош шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, Зымырык-Сай, Кызыл-Кыштак аймактарында сел жүрүп, Ак-Буура суусу булганып, калаанын айрым аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулган.

Андан тышкары 2025-жылдын октябрь айында пайдаланууга берилген төрт суу кампасы ушул күнгө чейин пайдаланылбай турганы аныкталган. Бул суу кампалар аркылуу шаардын бир бөлүгүнө суу берүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Шаар бийлиги “Ошшаарсууканал” ишканасы аны пайдаланбай, элди суу менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратканын, ушундан улам ишкананын жетекчиси Талантбек Байкишиев кызматтан бошотулганын кабарлады.

Ош шаарындагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таза суу. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин токтоп калат. (BTo)

Дагы караңыз

Президент мурдагы кеңешчиси Кубандыковдун иши боюнча комментарий бердиМарко Рубио Перс булуңундагы өнөктөш өлкөлөргө сапарын баштадыСеул Украинада туткунга түшкөн түндүккореялык эки аскерди алууга аракет кылуудаӨзбекстандын эки айылы Кыргызстанга өттү, Бишкек Астанага жер алмашууну сунуштады