Президент МИК айылдарга турак жай курууга артыкчылык берерин билдирди

Садыр Жапаров. Жумгал району. 23-июнь, 2026-жыл.

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) эми кичи шаарлар менен айыл аймактарга турак жайларды салууга артыкчылык берерин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 23-июнда Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары менен жолугушууда айтты.

“Мурда биз жети облустун борборлору, Бишкек жана Ош шаарларына куруп жатканбыз. Азыр ал жактын баарын токтотуп, райондорго, 33 шаардын ичине жана айылдардын ичине кирип атабыз. Антпесе айылдарда кезекке тургандар көп экен. Алардын чыдамы кетип баратат. Шаарларды жарым-жартылай камсыздап (ред: батир менен) бүтүп калдык. Айылда жашагандар чыдабай баратат”, - деди президент.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчисинин биринчи орун басары Нургазы Атканов 23-июнда МИК ушул тапта Кыргызстан боюнча 82 миңден ашык батир салып жатканын айткан. Анын сөзүнө ылайык, батирлердин чарчы метри бюджеттик кызматтарда иштегендерге 900-950 доллардан берилип жатат. Андан тышкары Бишкекте чарчы метри 1400 доллар болгон премиум класстагы бир турак жай комплекси бар.

Бийлик 2026-жылы 20 миңден ашык батир пайдаланууга берилерин маалымдаган. Садыр Жапаровдун маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 4 662, 2024-жылы 1 197 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон.

МИКтин сайтында баш-аягы 13 миң үй-бүлө батир алганы, кезекте тургандардын саны 73 миңден ашык экени көрсөтүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Ош шаарындагы таза суу маселеси парламентте көтөрүлдүПрезидент мурдагы кеңешчиси Кубандыковдун иши боюнча комментарий бердиМарко Рубио Перс булуңундагы өнөктөш өлкөлөргө сапарын баштадыСеул Украинада туткунга түшкөн түндүккореялык эки аскерди алууга аракет кылуудаНАТО саммитин утурлай Түркияда 200дөн ашуун киши кармалды