Жарым жылда 240 сел кырсыгы катталып, эки адам каза болду

Сел келген учур. Июнь, 2026-жыл.

Кыргызстанда быйылкы жарым жылда 240 сел кырсыгы катталып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.

Анын айтымында, учурда Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында сел инфратүзүмгө жана аталган аймактардын жалпы экономикасына оор залакасын тийгизүүдө.

5-июнда сел суусуна кошулган баткак Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымында машиналарды басып калып, эки кишинин өмүрү кыйылган.

22-июнда Баткен районунда сел бир нече айылды каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Президент Садыр Жапаров Баткендеги селдин кесепетин жоюу иштерин көзөмөлүнө алганын басма сөз катчысы билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Марко Рубио Перс булуңундагы өнөктөш өлкөлөргө сапарын баштадыКрымда ЖЭБ жана подстанция бутага алынды"75чилер каты": Маматалиев алар шайлоону тез арада өткөрүүнү көздөшкөнүн айттыПрезиденттик шайлоо 27-январда өтөрүн төрага Маматалиев билдирдиОш шаарындагы таза суу маселеси парламентте көтөрүлдү