"Талибандын" Еврошаркетке визити, укук коргоочулардын нааразылыгы

Amnesty International уюмунун активисттери "Талибан" менен келишимге каршы акция өткөрүштү. Брюссел, 23-июнь 2026-жыл

23-июнда "Талибан" кыймылынын делегациясы Брюсселде Еврошаркеттин өкүлдөрү менен кездешти. Тараптар башпаанек ала албай калган оогандык качкындарды үйүнө кайтаруу маселесин талкуулашты. Укук коргоочулар талибдердин визитине нааразылыгын билдирүүдө.

Ал эми Европа биримдиги мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү үчүн башка аргасы жоктугун белгилейт. Европа биримдиги талибдердин бийлигин расмий тааныган эмес.

Маалыматка караганда, Еврокомиссия беш кишиден турган делегацияны чакырган. Алардын тобун Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абдул Кахар Балхи жетектеп келди, анын курамына Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү да кирген.

Еврокомиссиянын басма сөз катчысы алдын ала жолугушууга 15 өлкөнүн өкүлдөрү катышканын билдирди.

Атын атабаган оогандык расмий өкүлдүн айтымында, "Талибан" делегациясы менен шаркеттин өкүлдөрү Европада ооган жарандары үчүн консулдук кызматты калыбына келтирүүнү сөз кылышты.

Дагы караңыз

ЮНИСЕФ "Талибанды" ооган кыздарына окуусун улантуу укугун берүүгө чакырды

Комиссия сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине мекенине кайтып жаткан оогандарды тактоо жана тиешелүү документ берүү маселеси алынып чыкканын бышыктады. Маалыматка караганда, оор кылмыш жасагандарга жана коопсуздукка коркунуч жараткандарга өзгөчө көңүл бурулду.

Amnnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун активисттери Брюсселде Еврокомиссиянын кеңсеси алдында нааразылык акциясын уюштуруп, "УЯТ" деп жазылган баннерди көтөрүп турушту.

"Мындай кадам жаңжалдын чегинен да чыгат, Европа биримдиги жана Бельгия пир туткан баалулуктардын бетине түкүргөндөй болду. Алар эл аралык мыйзамдарды жана адам укуктарын коргоорун айтышат, ошол эле маалда эркиндиктерди талкалаган, күн сайын адам укуктарын тебелеген режим менен мунасага барууда", - деп белгиледи Amnesty International уюмунун басма сөз катчысы Людовик Лаус АФП агенттигинин кабарчысына.

Адвокат Селма Бенкелифа Ооганстандагы гуманитардык абалга көңүл бурат:

"Башка өлкөлөр менен келишим түзүлбөгөндүктөн жана гуманитардык жардам жеткирилбегендиктен Ооганстанда ачарчылыкка күбө болуудабыз. Алар (талибдер) ошондой жардам сурап келсе анда түшүнөт элек. Бирок мекенинен качууга аргасыз болгон байкуш адамдарды кайтарууну сүйлөшүү үчүн гана алаканы калыбына келтирүү жийиркеничтүү көрүнүш".

Дагы караңыз

Малала мусулман лидерлерин ооган талибдерин “мыйзамдаштырбоого” чакырды

Нобел сыйлыгынын лауреаты, 15 жашында Пакистандагы талибдердин кол салуусуна туш болгон Малала Юсуфзай да "Талибан" менен кызматташтыкка, аларды Брюсселге чакырууга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Брюсселдин айтымында, кездешүү шаркеттин 20 өлкөсүнүн өтүнүчү менен уюштурулган жана талибдер бийлиги менен ушул багытта алака түзүүнү көздөйт.

Январда Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү Ооганстанга барып, мигранттарды кайтаруу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып кеткен.

Былтыр 21-октябрда Австрия 2021-жылдан бери алгачкы жолу оогандыкты мекенине депортация кылган.

2024-жылдан бери Германия кылмышка айыпталган 100дөн ашуун оогандык мигрантты Катар аркылуу мекенине кайтарган.

Мүчө мамлекеттер жана Еврокомиссия "Талибандын" делегациясын кабыл алуу Кабулдагы өкмөттү таанууга барабар деген сынды четке кагууда.

Дагы караңыз

Ооганстан Кыргызстан менен транзит макулдашуусун түзүүнү сунуш кылды

Еврошаркеттин ички иштер жана миграция боюнча комиссары Магнус Бруннер ооганстандык мыйзамсыз мигранттарды өлкөсүнө кайтаруу үчүн талибдер өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн башка арга жоктугун айткан.

Европалык өлкөлөр талибдер Ооганстандагы бийликти кайрадан басып алган 2021-жылы Кабулдагы элчиликтерин жапкан.

Талибдер адам укуктарын, өзгөчө аялдардын укуктарын одоно бузуп, эркиндиктерин катуу чектеген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Брюсселде "Талибандын" өкүлдөрүн кабыл алуу нааразылык жаратты