Европаны адаттан тыш ысык каптады. Бир катар жерде чукул кырдаал жарыяланды.
Аба ырайына байланыштуу француз башкалаасында туристтик жайлар эрте жабылууда. Meteo France кызматынын маалыматында, шейшембиде Парижде абанын табы 38 градуска жетти. Өлкө аймагындагы орточо температура ал күнү жана шаршембиге караган түнү рекорд койду.
Мындай аномалдуу ысык жуманын аягына чейин созулушу мүмкүн. Өлкөнүн батыш аймактарынын айрым жерлеринде ысык 43 градуска чейин жетет деп болжолдонууда.
Францияда өткөн аптанын башынан бери 40тан көп киши ысыкка байланыштуу каза тапты, көбү сууга чөгүп кеткен.
Шаршембиде Британиядагы миңден ашуун мектепте сабактар түшкө чейин аяктады же жабык болду. Падышалыкта аптапка байланышкан коркунучтун эң жогорку – кызыл деңгээли жарыяланды.
Бийлик жана синоптиктер аптаптын элдин, өзгөчө улгайган адамдардын, өнөкөт оорусу барлардын саламаттыгына болгон коркунучтарды, энергетикалык системанын жана транспорттун ишиндеги ыктымал кыйынчылыктарды эскертишүүдө.
Нидерландда темир жол кыймылы чектелди. Чехиянын борбору Прагада алдыдагы ишемби-жекшемби күндөрү 35-38 градус ысык болору күтүлүүдө.
Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматында, континенттеги абанын температурасы дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе жогору көтөрүлүүдө. Мындан улам азыркыдай адаттан тыш аптап барган сайын узакка созулмакчы.