Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын майыптыгын узартуудагы көйгөйлөр парламентте көтөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Майыптыгы бар балдар 18 жашка толгондо алардын абалын далилдеп, кайрадан узартуу үчүн ата-энелер сотко барууга мажбурланышат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 25-июндагы отурумунда билдирди. Анын сөзүнө караганда, акыл-эс кемтиги жагынан майыптыгы бар балдар 18 жашка чыкканда алардын жөндөмдүүлүгү чектелүү экенин кайрадан далилдөө жана аларга камкорчулукту жөндөө үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энелерди сотко жиберет.

"Ата-энелер майыптыгы бар баласынын жөндөмү чектелүү экенин далилдөө жана аларга камкорчулукту жөндөө үчүн өздөрү менен өздөрү соттошкуча сегиз ай өтөт. Бул убакта ал балдарга майыптыгы үчүн жөлөк пул да, ата-энелерине камкорчулук кылганы үчүн айлык да төлөнбөйт. Бирок баланын майыптыгы эч кайда кетпейт да. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бул тажрыйбасы туура эмес. Мыйзамда мындай талаптар жок", - деди Бекешев.

Депутат акыл-эс кемтиги диагнозу коюлган майыптыгы бар балдардын жөндөмдүүлүгү чектелүү экенин таанып, алардын ата-энелерин автоматтык түрдө камкорчу кылып бекитүү зарылдыгын кошумчалады.

Ал президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, соттук териштирүүлөрдөн тышкары жаңы жоболорду иштеп чыгуусун өтүндү.

2010-жылы Кыргызстанда 22 миң майыптыгы бар бала катталса, 2023-жылы алардын саны 37 637ге жеткен. Андан берки убактагы көрсөткүч тууралуу расмий маалымат жок.

37,5 миңден ашуун майыптыгы бар балдардын ичинен 15 миңдейи туруктуу кароого, багууга муктаж.(ZKo)

Дагы караңыз

Иминов инвестордон акча талап кылганы тууралуу парламентте айтылдыОрусияда бензин тартыш, Кыргызстанда баасы кымбат“75чилердин иши”: Зулушев спикер Маматалиевдин сөздөрүн четке кактыКоруктардын жана улуттук парктардын аянтын азайтууга 20 жылга тыюу салуу сунушталдыЕвропаны 40 градуска чейин жеткен адаттан тыш ысык каптады