Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 25-июнда тараткан маалыматка ылайык, 18 жаштагы А. А. К. аттуу кыргыз жараны Германияда сууга чөгүп каза тапты. Маалыматка ылайык, маркум 23-июнда Германиянын Хёкстер шаарына жакын жердеги көлдө сууга түшүп жатканда көз жумган.
А.А.К. Германияга “Ferienjob” программасынын алкагында утурумдук иштөө үчүн барган.
Учурда Кыргызстандын Германиядагы элчилиги жергиликтүү органдар, иш берүүчү жана каза болгон жарандын жакындары менен байланышып, документтерди тариздөө жана сөөктү мекенине жеткирүү маселелери боюнча зарыл болгон консулдук-укуктук көмөк көрсөтүп жатат.
Жай мезгили башталгандан тартып, Кыргызстандын жарандары чет өлкөлөрдө сууга чөгүп каза болгон экинчи учур катталды. 6-июнда Түркиянын Анталья провинциясынын Кемер районунда деңизге чөмүлүп жатып, кыргызстандык 24 жаштагы Э. Ж. аттуу жаран дайынсыз жоголгон. Анын сөөгү 11-июнда табылган. Маркум Антальядагы Kaya Palazzo Belek мейманканасында иштеп жүргөнү белгилүү болгон.(ZKo)