Депутат Сурабалдиева Аскат Жетигенди эркиндикке чыгарууну сунуштады

Аскат Жетиген сотто. Бишкек шаардык соту. 19-сентябрь, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева №27 абакта жазасын өтөп жаткан акын Аскат Жетигенди эркиндикке чыгаруу демилгесин көтөрдү. Ал парламенттин 25-июндагы жыйынында сөз сүйлөп жатып, Аскат Жетиген кармалгандан кийин сабалганы тууралуу да маалыматы бар экенин билдирди.

“Акындарыбыз камалбасын. Мүнөзү курч кыргыздар сүйлөп койсо куугунтукталбасын. Парламентте 90 депутатты сөккөн окуялар деле болду. Ал адамды деле кечирип жүрбөдүк беле. Ошондуктан ошол жигитти бошотуп берсеңиздер деп кайрылат элем”, - деди ал.

Жарандык активист, ырчы Аскат Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен.

2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган. Кийинки инстанциялар бул чечимди күчүндө калтырган.

Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Ал бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (BTo)

Дагы караңыз

Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын майыптыгын узартуудагы көйгөйлөр парламентте көтөрүлдү Иминов инвестордон акча талап кылганы тууралуу парламентте айтылды“75чилердин иши”: Зулушев спикер Маматалиевдин сөздөрүн четке кактыКурсан Асанов сотто кайрылууга кол койгонун, мыйзамсыз иш кылбаганын айтты“75чилердин каты” боюнча соттук отурумда күбөлөр суралууда