Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:57

Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын майыптыгын узартуудагы көйгөйлөр парламентте көтөрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Майыптыгы бар балдар 18 жашка толгондо алардын абалын далилдеп, кайрадан узартуу үчүн ата-энелер сотко барууга мажбурланышат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 25-июндагы отурумунда билдирди. Анын сөзүнө караганда, акыл-эс кемтиги жагынан майыптыгы бар балдар 18 жашка чыкканда алардын жөндөмдүүлүгү чектелүү экенин кайрадан далилдөө жана аларга камкорчулукту жөндөө үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ата-энелерди сотко жиберет.

"Ата-энелер майыптыгы бар баласынын жөндөмү чектелүү экенин далилдөө жана аларга камкорчулукту жөндөө үчүн өздөрү менен өздөрү соттошкуча сегиз ай өтөт. Бул убакта ал балдарга майыптыгы үчүн жөлөк пул да, ата-энелерине камкорчулук кылганы үчүн айлык да төлөнбөйт. Бирок баланын майыптыгы эч кайда кетпейт да. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бул тажрыйбасы туура эмес. Мыйзамда мындай талаптар жок", - деди Бекешев.

Депутат акыл-эс кемтиги диагнозу коюлган майыптыгы бар балдардын жөндөмдүүлүгү чектелүү экенин таанып, алардын ата-энелерин автоматтык түрдө камкорчу кылып бекитүү зарылдыгын кошумчалады.

Ал президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, соттук териштирүүлөрдөн тышкары жаңы жоболорду иштеп чыгуусун өтүндү.

2010-жылы Кыргызстанда 22 миң майыптыгы бар бала катталса, 2023-жылы алардын саны 37 637ге жеткен. Андан берки убактагы көрсөткүч тууралуу расмий маалымат жок.

37,5 миңден ашуун майыптыгы бар балдардын ичинен 15 миңдейи туруктуу кароого, багууга муктаж.(ZKo)


Шерине

​
XS
SM
MD
LG