Казакстанда акыркы жылдары өзгөчө социалдык тармактарда тездик менен өнүккөн психологиялык кызмат көрсөтүү тармагын тартипке келтирүү чечими кабыл алынды.
Парламенттин жогорку палатасы "Психологиялык ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзамды жактырып, психологдор үчүн бирдиктүү талаптарды киргизди жана бул тармакты мамлекеттик жөнгө салууну караган жаңы эрежелерди бекитти.
Мыйзам долбоору талкууланып жатканда депутаттар социалдык тармактар аркылуу кеңеш берип, тренинг өткөргөн "инстаграм-психологдор" жана коучтардын ишине өзгөчө көңүл бурушту.
Сенатта белгиленгендей, азыркы учурда каалаган адам өзүн психолог деп атап, тиешелүү билими жана кесиптик даярдыгы жок эле мындай кызматтарды көрсөтө алат.
"Азыр бизде өздөрүн психолог же коуч деп атаган адамдар өтө көбөйүп кетти. Алар адамдардын аң-сезимине таасир этүүдө", – деди депутат Нуртөрө Жүсүп.
Анын айтымында, мыйзамдын негизги максаты жарандарды кесипкөй эмес кызматтардан коргоо.
Документте биринчи жолу психологдук ишмердүүлүккө мыйзамдык талаптар белгиленди.
Ага ылайык, психологдордун бирдиктүү мамлекеттик реестри түзүлөт. Практика жүргүзүү үчүн адистер тиешелүү билимге ээ болуп, кесиптик стандарттарды сактоого жана квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатып турууга милдеттендирилет.
Мыйзам психологдордун жана психологиялык жардам алуучулардын укук-милдеттерин аныктап, купуялуулукту жана кесиптик этиканы сактоо талаптарын да бекитет.
Мындан тышкары, психологдорго адамдын психикасына жана аң-сезимине көзөмөлсүз таасир бере турган ыкмаларды колдонууга, ошондой эле өзүнүн кесиптик компетенциясынан тышкаркы ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынат. Бул талаптар онлайн форматта көрсөтүлгөн психологиялык кызматтарга да тиешелүү болот.
Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө тиешелүү даярдыгы жок адамдар психологиялык кызмат көрсөтүп жаткан учурлар көбөйгөнүн айтып, бул тармакта ачык жана түшүнүктүү эрежелерди киргизүү зарылдыгын белгилеген.
Буга чейин психологдордун ишмердүүлүгү ар кандай мыйзамдардын өзүнчө жоболору менен жөнгө салынып келген, бирок атайын мыйзам болгон эмес.
Демилгечилер жаңы эрежелер психологиялык жардамдын сапатын жогорулатып, адистердин кесиптик жоопкерчилигин так аныктайт деп эсептешет.
Сенат жактыргандан кийин мыйзамга эми президент кол коюшу керек.
Кыргызстанда да социалдык түйүн аркылуу психологдон жардам алып, жабыркап калгандарын айтып чыккандар бар.