Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы башчысы Бообек Ажикеевдин министр кезиндеги ишмердүүлүгүн текшерүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков 25-июндагы парламент отурумунда талап кылды.
Ал экс-министр иштеп турган учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганын жарандар айтып, кайрылып жатышканын билдирди.
"Бообек Ажикеевдин ишмердүүлүгү боюнча мага өтө көп арыздар түштү. Ал өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп турган кезинде министрликке бөлүнгөн техниканы жеке максатта пайдаланып жүргөн экен. Кымбат баалуу унааларды үйүнө токтотуп алып, бирин аялына, экинчисин кызына берип койгонун айтышты. Ал эми экскаваторду күйөө баласы ижарага берип, иштетип жүрүптүр. ӨКМдин ишин алдыга жүргүзүү үчүн. Бирок экс-министр аны пайдаланып, болгон жакшы машиналардын баарын үйүнө киргизип, өзү пайдаланып жүрүптүр. Кыргызстанга көптөгөн насыя, гранттарды алып келебиз. Анын кызмат абалынан кыянаттык кылганын текшерип, эгер далилденсе, жоопкерчиликке тартыш керек".
Депутат президенттин парламенттеги өкүлүнөн экс-министрдин ишмердүүлүгүн текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырууну өтүндү.
Бообек Ажикеев өзү же жакындары депутат Кубанычбек Самаковдун бул билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.
Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызматынан быйыл 16-февралда "75чилердин катына" байланыштуу чуулгандуу окуялар учурунда бошотулган.
60 жаштагы Бообек Ажикеев бул кызматка 2020-жылы дайындалган.(ZKo)