Изилдөө: Бай өлкөлөр мигранттардан олуттуу экономикалык пайда көрүп жатышат

Германиянын полициясы Польша менен чек арадагы Форст шаарында мигранттарды текшерип жатат. Германия. 11-октябрь, 2023-жыл.

Акыркы 35 жыл ичинде иммигранттарды эң көп кабыл алган бай мамлекеттер олуттуу экономикалык пайда көрүп, алардын көбү дагы да арбыныраак чет өлкөлүк жумушчу күчүн кабыл алууга жөндөмдүү. Мындай жыйынтык Европанын борбордук банкынын жаңы изилдөөсүндө белгиленет.

Документтин авторлору белгилегендей, иммиграция жумушчу күчүнүн тартыштыгын азайтып, экономикалык өсүшкө, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашына жана инвестициялардын көбөйүшүнө олуттуу салым кошкон.

Ошол эле учурда акыркы жылдары АКШ, Германия жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө иммиграция саясий талаш-тартыштын негизги темаларынын бирине айланып, миграцияга каршы күчтөрдүн таасири күчөп жатат.

Изилдөө Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна (OECD) мүчө ондогон өлкөлөрдүн 1990–2024-жылдардагы маалыматтарына негизделген. Анда уюмга кирбеген өлкөлөрдөн келген мигранттардын саны 25 миллиондон 100 миллионго чейин көбөйгөнү, ал эми көптөгөн мамлекеттерде жергиликтүү калктын табигый өсүшү байкалбай жатканы белгиленет.

Авторлордун эсебинде, 1990–2024-жылдары Испания, Италия жана Улуу Британия сыяктуу мамлекеттерде бир жумушчуга туура келген экономикалык өсүштүн үчтөн бирине чейинки бөлүгү иммиграциянын эсебинен камсыздалган болушу мүмкүн.

Изилдөөдө ошондой эле иммигранттардын саны көбөйгөн сайын алардын экономикага тийгизген оң таасири азайбай турганы белгиленет.

Авторлор Канаданын жана Австралиянын тажрыйбасына таянып бул өлкөлөр дагы көп мигранттарды кабыл алса да эмгек өндүрүмдүүлүгү менен инвестициялардын өсүшү сакталышы мүмкүн деген бүтүмгө келишкен.

Дагы караңыз

“Чар” эс алуу жайынын айланасындагы окуя териштирилетАрменияда куудул Нурлан Сабуровдун концертин бойкоттоо чакырыгы күчөдү Орус армиясы Украинанын үч облусундагы май куюучу жайларга сокку урду