Дүйнөлүк эталон саналган Brent мунайынын баасы Иран менен согушка чейин болгон деңгээлден төмөн түштү. 25-июнда Brent мунайынын бир баррели 72 доллар 24 центке чейин арзандады.
Trading Economics платформасынын маалыматына караганда, 27-февралда, АКШ менен Израилдин Иранга аба соккулары башталардан бир күн мурда, анын баасы 73 доллар 48 цент болгон.
Мунай баасы апта башынан бери төмөндөп жатат. Буга Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүүсү көбөйгөнү себеп болду. Бул кысык согушка чейин дүйнөлүк мунай жеткирүүнүн болжол менен 20% өткөн негизги жолдордун бири болчу.
АКШ менен Иран жаңжалды токтотуу боюнча келишимге келгенден кийин Ормуз кысыгындагы кыймыл акырындап жандана баштады. Бирок кемелердин өтүүсү азырынча согушка чейинки деңгээлге жете элек.
Эл аралык деңиз уюмунун маалыматына ылайык, 23-июнда аталган кысыктан 13 кеме, 24-июнда 32 кеме өткөн.
25-июнда түшкө чейин дагы 12 кеме кысыктан чыккан.
Ошондой эле АКШ Ирандын мунайын сатууга байланыштуу айрым чектөөлөрдү убактылуу жеңилдетти. Натыйжада дүйнөлүк рынокко кошумча Ирандын мунайы чыга баштап, сунуш көбөйдү. Бул да дүйнөлүк баанын төмөндөшүнө таасир эткен факторлордун бири болду.