Евробиримдик кеңеши Орусияга каршы экономикалык санкциялардын мөөнөтүн дагы бир жылга – 2027-жылдын 31-июлуна чейин узартты. Жарыяланган чектөөлөрдү улантууну жакында биримдиктин саммитинде мүчө мамлекеттердин лидерлери жактырышкан.
Санкциялар Орусия эл аралык укукту бузган аракеттерин токтотмоюнча улана берери белгиленди. Зарыл болсо кошумча чектөөлөр да киргизилиши ыктымал экени да айтылды.
Соода-сатык, каржылык сектор, энергетика жана кош багыттагы товарларга байланыштуу санкциялардын катарында орус мунайынын деңиз аркылуу ташылуучу импортун, банктарынын, криптокызматынын ишине чектөө жана орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын Евробиримдик аймагында маалымат жайылтуусун токтотуу талаптары бар.
Алгач Евробиримдиктин Орусияга каршы санкциялары 2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алганда киргизилип, кийин 2022-жылы февралда Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштаганда чектөөлөр тизмеси кеңейтилген.