Кеминде жол кырсыгынан атасы эки баласы менен каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы 25-июнда Кемин районунун Подгорное айылында жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү каза болгонун билдирди.

Облустук милициянын маалыматында, “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунаа Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Суунун агымы катуу болгондуктан машиненин ичиндеги адамдар сыртка чыга албай калышкан. Бул факты Кемин райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча текшерүү башталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлеринин жардамы менен автоунаа суудан чыгарылып, ичинен үч кишинин сөөгү табылган. Маркумдар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү - атасы жана анын эки жашы жете элек балдары экени такталган.

23-июнда эле Чүй районунда Кегети капчыгайындагы сууга жеңил машине түшүп кетип, ичиндеги эки бала агып кеткен. 12 жаштагы кыздын сөөгү табылып, алты жаштагы бала дагы деле изделип жатат.

Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталууда. 14-майда Кашка-Суу айылы тараптан Бишкек шаарын көздөй келе жаткан Honda Torneo үлгүсүндөгү машине жол четинде турган 28 жаштагы келинди жанындагы 6, 4, 2 жаштагы балдары жана 14 жаштагы сиңдиси менен кошо сүзүп кетип, бешөө тең каза тапкан. Келиндин алты айлык боюнда болгон. Кырсыкка шектүү 22 жаштагы айдоочу камакка алынган.

30-майда Бишкек-Ош жолунун 178-чакырымында (ред: Суусамыр) түштүктөн түндүктү көздөй бараткан Honda Civic үлгүсүндөгү машиненин 30 жаштагы айдоочусу уктап кетип, каршы тилкеде келаткан Kia К7 автоунаасы менен кагышкан. Кырсыктан бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү 3, 11, 13 жаштагы балдар жана 22 жаштагы дагы бир адам каза болгон.

Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларынын мөөнөтүн дагы узарттыЭки депутат соцтармакта парламентке айтылган сынды териштирүү сунушун бердиОрус армиясы Украинанын үч облусундагы май куюучу жайларга сокку урдуФархат Иминов депутаттын "инвестордон акча талап кылуу" тууралуу билдирүүсүн четке кактыМурдагы ӨКМ башчысы Ажикеевдин ишмердүүлүгүн текшерүү талап кылынды