Нурлан Мотуев 26-июнда Бишкекте 57 жашында ооруканада каза болду. Маалыматты милициядан ырасташты.
Нурлан Мотуев 1969-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында туулган. 1987–1994-жылдары Тюмень мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетин, 1996–1999-жылдары АКШда дипломатиялык академияны аяктаган.
Эмгек жолун 2000-жылы “Асаба” гезитинде кабарчы болуп баштаган. 2005-жылы Жумгал районундагы “Кара-Кече” көмүр кенин тарапташтары менен басып алып белгилүү болгон.
Кийин бир нече жолу президенттик шайлоодо талапкерлигин көрсөткөн. Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал боюнча пикирин билдирип турган.
Акыркы жылдары социалдык тармактардагы баракчаларын активдүү иштетип, карызын ала албай жүргөндөрдүн арыз-муңун баракчасына чыгарып келген. (BTo)