Эл аралык деңиз уюму (IMO) Ормуз кысыгынан чыга албай калган кемелер менен миңдеген моряктын эвакуациясын убактылуу токтотту. БУУнун агенттигинин башкы катчысы Арсенио Домингестин айтымында, мындай чечим Оман булуңунда бир кеме чабуулга туш болгондон кийин кабыл алынды.
Деңиз кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана мындан аркы аракеттердин координациясы үчүн эвакуация убактылуу токтоп турат.
25-июнда The Wall Street Journal (WSJ) гезитинин булактары Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Омандын жээгине жакын жерде Сингапурдун желеги астында бараткан жүк ташыган кемеге сокку урганын жазган. Натыйжада капитан отурган бөлүк зыян тартты. Деңиздеги жүк ташууну тескеген британиялык уюмдун (UKMTO) маалыматы боюнча, экипаж жабыркаган жок.
Домингес соккуга кабылган кеменин эвакуация кылуу операциясына тиешеси жок экенин кошумчалады.
WSJ жазганына караганда, чабуулга чейин Ирандын деңиз-аскер күчтөрү кемелерге Тегеран менен макулдашылган маршруттан чыкпоо керектигин эскерткен.
Иран кемелер өлкөнүн жээгине жакын жерден өтүүгө жана Ормуз иштери боюнча атайын башкармалыктын уруксатын алууга тийиш деп келатат.
АКШ жана Батыштагы айрым камсыздоо компаниялары, тескерисинче, америкалык аскерлердин коргоосунда Оманды бойлой сүзүү кеңешин берип келатат.
24-июнда IMO согуштан улам кемелердин каттоосу чектелгенде Ормуз кысыгында калып кеткен 11 миң чакты морякты коопсуз жерге чыгаруу операциясын баштаган.
АКШ менен Иран согушту токтотуу багытында жалпы макулдашууга кол койгону менен бул маанилүү маршрутка байланыштуу тынчсыздануу кала берүүдө, айрым маалыматтарда ал жерди ирандык миналардан тазалоо зарыл.