Израил жана Ливан АКШнын ортомчулугу менен келишим кабыл алышты

Ливан. Израилдин соккулары. 2026-жылдын 19-июнунда тартылган сүрөт.

Израил жана Ливан 26-июнда Вашингтондо Америка Кошмо Штаттарынын ортомчулугу менен келишимге кол коюшту. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио бул документ эки өлкөнүн ортосунда "туруктуу тынчтык жана коопсуздук үчүн негиз түзүү" максатын көздөй турганын айтты.

Axios басылмасы израилдик жана америкалык расмий адамдарга шилтеме кылып жазгандай, алкактык келишимде Израилдин коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) бөлүктөрү Ливандын түштүгүндөгү Литани дарыясынын түндүгүндө жана түштүгүндө жайгашкан эки чакан райондон чыгарылышы керектиги жазылды. Ал жерлер "пилоттук долбоор" катары ливан армиясына өткөрүлүп берилет, АКШ армиясы "Хезболла" радикал тобунун согушкерлери жолобогудай кылып көзөмөл жүргүзүп турат.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ЦАХАЛ аскерлери Ливандын түштүгүндөгү өздөрү түзгөн "коопсуздук зонасынан" "Хезболла" куралсызданмайынча жана Израил мамлекетине коркунуч токтомоюнча кетпей турганын билдирди. Келишимди ал Тегерандын позицияларына "олуттуу сокку" деп атады.

Ливандын президенти Жозеф Аун келишимди ливандыктардын "толугу менен бошотулган жерине жана сөзсүз калыбына келтириле турган үйлөрүнө" кайтып келишине мүмкүндүк берүүчү "биринчи кадам" деп баалады.

"Ливан өз жерин жана өз элинин суверендүүлүгүн эч ким менен бөлүшпөйт", - деди ал.

Иран колдогон "Хезболла" кыймылы Ливандын түштүгүнүн чоң бөлүгүн көзөмөлдөйт. АКШ бул уюмду террордук деп эсептейт. Ал эми Евробиримдик анын куралдуу канатын террордук уюмдардын тизмесине киргизген, бирок саясий канатына мындай макам берген эмес.

Расмий дипломатиялык алакасы жок Израил менен Ливан 1948-жылдан бери формалдуу түрдө бири-бирине каршы согуш абалында жашап келишет.

Дагы караңыз

"Ташиев Жогорку Кеңешке эки жашик автомат алып келген". Депутаттар төрт жыл мурдагы окуяны эстеди "Ээнбаш" чоң эненин жоруктарыАКШ Ормуздагы чабуулга жооп иретинде Иранга сокку урганын билдирдиӨкмөт башчы Кегетидеги кырсыктан улам ата-энелерге кайрылды