Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

АКШ Ормуздагы чабуулга жооп иретинде Иранга сокку урганын билдирди

АКШнын F/A-18 кыргын салуучу учактары. Архив сүрөт.
АКШнын F/A-18 кыргын салуучу учактары. Архив сүрөт.

АКШнын аскерлери Тегерандын Ормуз кысыгындагы соода кемесине жасаган чабуулуна жооп иретинде Ирандын объектилерине сокку урганын, бул Вашингтон менен Тегерандын ортосунда макулдашылган элдешүү келишимине жаңы коркунуч туудурганын билдирди:

"26-июнда АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) күчтөрү Ормуз кысыгы аркылуу өткөн коммерциялык кемеге жасалган кечээки чабуулга жооп катары Иранга сокку урду".

25-июнда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Ирандын учкучсуз учактары кысыктагы жүк ташуучу кемелерге сокку урганы тууралуу маалыматка АКШнын ыктымал жообу боюнча журналисттердин суроосуна “Сиздер угасыздар” деп жооп берген.

Трамп сокку урулганга чейин Иран кысыктагы коммерциялык кемелерге төрт согуштук дрон учурганын соцтармакка жазган.

"Дрондордун бири чоң жана өтө кымбат жүк ташуучу кеменин үстүнкү палубасына кулап түшкөн. Кеме зыянга учураган, бирок сапарын уланта алды. Биз дагы үч учкучсуз учакты атып түшүрдүк", - деп жазган Трамп.

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Х социалдык тармагына “зомбулукка жараша жооп болорун” билдирген.

"Иран ок атышпоо келишимине кол койгон. Биз аны сактап жатабыз. Меморандумду ишке ашыруу боюнча пикир келишпестиктер болсо, чалышсын. Бирок зомбулукка жараша жооп болот", - деп жазган ал.

Вашингтон менен Тегеран Ирандагы, Жакынкы Чыгыштагы, анын ичинде Ливандагы согушту токтотууга багытталган меморандумга кол коюлгандан кийинки техникалык сүйлөшүүлөрдү Швейцарияда кайра улантууну көздөп жатышат. Тынчтык келишими бекем болбой, тараптар бири-бирин аны бузду деп айыптоодо.

Ирандын мамлекеттик басылмалары снаряд өлкөнүн түштүгүндөгү, америкалык аскерлердин улам бир соккусуна кабылып келаткан Сирик аймагына түшкөнүн жазышты. Өлкөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу аскер-деңиз флоту буга жооп катары аймактагы америкалык аскерий объектилерге сокку урганын билдирди.

Ошентип, 17-июнда АКШ менен Ирандын ортосунда согушту токтотуу жана стратегиялык жактан маанилүү суу жолун ачуу боюнча Швейцарияда макулдашылган алкактык келишимге кол коюлгандан бери Ормуз кысыгында кеме чабуулга кабылган биринчи окуя катталды.

25-июнда The Wall Street Journal (WSJ) гезитинин булактары Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Омандын жээгине жакын жерде Сингапурдун желеги астында бараткан жүк ташыган кемеге сокку урганын жазган. Натыйжада капитан отурган бөлүк зыян тартканы кабарланган. Деңиздеги жүк ташууну тескеген британиялык уюмдун (UKMTO) маалыматы боюнча, экипаж жабыркаган эмес.

WSJ жазганына караганда, чабуулга чейин Ирандын деңиз-аскер күчтөрү кемелерге Тегеран менен макулдашылган маршруттан чыкпоо керектигин эскерткен.

Иран кемелер өлкөнүн жээгине жакын жерден өтүүгө жана Ормуз иштери боюнча атайын башкармалыктын уруксатын алууга тийиш деп келатат.

АКШ менен Иран согушту токтотуу багытында жалпы макулдашууга кол койгону менен бул маанилүү маршрутка байланыштуу тынчсыздануу кала берүүдө, айрым маалыматтарда ал жерди ирандык миналардан тазалоо зарыл.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG