Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Орусиянын мурдагы коргоо министри Сергей Иванов дүйнө салды

Сергей Иванов. Архивдик сүрөт
Сергей Иванов. Архивдик сүрөт

Орусиянын мурдагы коргоо министри Сергей Иванов дүйнө салды. Бул тууралуу ал ардактуу президенти болгон ВТБ банкынын Бирдиктүү лигасы билдирди.

Иванов 1953-жылдын 31-январында Ленинградда туулган. Ленинград мамлекеттик университетинин филология факультетинин котормочулук бөлүмүн, андан кийин СССР КГБсинин Минскидеги жогорку курстарын аяктаган.

Атайын кызматта иштеп, СССР ыдырагандан кийин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматында (ФСБ) жана Тышкы чалгын кызматында эмгектенген.

1990-жылдардын аягында ФСБнин директорунун орун басары жана Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон.

2001-2007-жылдары Коргоо министрлигин жетектеген. Андан кийин өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалып, 2011-2016-жылдары президенттин администрациясын башкарган.

2016-2026-жылдары президенттин жаратылышты коргоо, экология жана транспорт маселелери боюнча атайын өкүлү болуп турду.

Быйыл февралда кызматтан кеткенде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ал өз өтүнүчү менен бошотулганын айткан.

Иванов эмнеден каза тапканы азырынча айтыла элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG