Орусиянын президенти Владимир Путин орус армиясынын катарында аскердик аракеттерге катышкан же келишим менен согушуп жаткан чет элдиктерди депортациялоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Документ укуктук актылардын расмий сайтына жарыяланды.
Ал "орус армиясынын катарында кызмат өтөгөн, келишимдин негизинде кызмат өтөөнү уланткан, ошондой эле бул өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн же башка аскердик түзүмдөрүнүн курамында аскерий аракеттерге катышкан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга" тиешелүү.
Жаңы жобого ылайык, мындай адамдар депортацияланбайт. Мындан тышкары аларга убактылуу жашоого же иштөөгө уруксат берүүдөн баш тартууга болбойт жана мурда берилген документтери жокко чыгарылбайт.
Ошондой эле Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында келишимдик негизде кызмат өтөгөн чет элдик жаранга карата 2022-жылдын 24-февралынан кийин чыккан депортациялоо, өлкөдө убактылуу болуу мөөнөтүн кыскартуу, миграциялык документ берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимдердин баары жокко чыгарылат.
Буга чейин Орусиянын өкмөтү Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн чет элдиктерди өз мекенине экстрадициялабоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген.
Жаңы эреже орус армиясы жана башка аскердик түзүмдөр менен келишим түзгөн, ошондой эле согушка катышкан борборазиялыктарга да тиешелүү.
Орус бийлиги мындай чараны “аскердик сырды жана купуя маалыматты сактоо максаты” менен түшүндүргөн.
Март айынын башында Мамлекеттик Дума орус армиясы менен келишим түзгөн же согуштук аракеттерге катышкан чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды административдик чыгарууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. Бул мыйзамга ылайык, административдик укук бузуу үчүн өлкөдөн чыгаруу милдети каралса да, мындай адамдар анын ордуна айып пулга же 100дөн 200 саатка чейин милдеттүү коомдук жумуштарга тартылышы мүмкүн.
Украинанын «Жашагым келет» («Хочу жить») долбоорунун маалыматына ылайык, Орусия бастырып кирген төрт жылдан ашуун убакта 13 миңге жакын борборазиялык орус армиясы менен келишим түзгөн. Борбор Азиядан барган 80 миңдей адам Орусияда аскердик кызмат өтөө үчүн каттоого алынган.
Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда Украинадагы согушка катышкандарга кылмыш иштери козголгон. Согушка жалданып, өз мекенине кайтып келгендердин айрымдары соттолуп, беш жылга чейин абакка кесилген учурлар да бар.
Ошол эле кезде чөлкөмдөн барган миңдеген мигрант Орусиянын армиясынын катарында согушуп жүрөт.
Бирок бир дагы өлкөдө Орусия Украинага бастырып кирген төрт жылдан ашуун убактан бери бул согушта канча жараны каза болуп келгени же согушка тартылганы тууралуу расмий маалымат айтыла элек. (КЕ)