Кыргызстанда "жалданмачылыкка" шектүү Васильев эркиндикке чыкканы кабарланды

Виктор Васильев (Луковенко). Сүрөт анын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Кыргызстанда "Украинадагы согушка Кыргызстандын жарандарын жалдаган" деген шек менен кармалган орусиялык Z-блогер Виктор Васильев эркиндикке чыкканы кабарланды. Бул тууралуу «Эхо» басылмасы Mash Телеграм каналына шилтеме кылып жазды.

Маалыматка караганда, Васильев тергөө абагында бир жыл эки ай отургандан кийин 12-июнда бошотулган. Басылма блогер мурда соттолгонун, бирок соттун өкүмү тууралуу маалымат ачык айтылбаганын, эми Васильев кыргыз бийлигинин аны өлкөдөн чыгаруу чечимине каршы арызданууну көздөп жатканын жазды.

Виктор Васильевдин эркиндикке чыгышы боюнча Кыргызстандын сот тутуму расмий комментарий бере элек, бул маалымат такталып жатканы айтылды.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “жалданмачылык” ишине байланыштуу былтыр 17-апрелде Ошто төрт адамды кармап, Бишкекке алып келген. Атайын кызмат расмий маалымат тараткан эмес. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун шектүүлөрдүн бөгөт чарасын аныктоо жөнүндөгү маалыматынан кийин белгилүү болгон.

Журналисттер кармалгандардын арасында Ош мэриясынын кызматкери Сергей Лапушкин, “Россодрудничество” агенттигине караштуу “Орус үйүнүн” Оштогу кеңсесинин кызматкери Наталья Секерина бар экенин аныкташкан. Андан тышкары С.В.Т. жана В.В.А. аттуу дагы эки адам кармалган. Булардын бири Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкери экени белгилүү болсо, орусиялык маалымат каражаттары төртүнчү шектүү Виктор Васильев экенин жазышкан.

Бир катар маалымат каражаттары Васильевдин Орусиядагы жалданма аскерлердин “Вагнер” тобунун негиздөөчүсү, маркум Евгений Пригожиндин түзүмүндө саясий технолог катары иш жүргүзгөнүнө жана өмүр баянында талаштуу жагдайлар көп экенине көңүл бурушкан.

Meduza порталынын жазышынча, Виктор Васильев "Улыбаемся и машем" деп аталган Телеграм каналдын негиздөөчүсү.

The Insider басылмасынын жана “Досье” борборунун маалыматына караганда, Виктор Васильевдин чыныгы, 2018-жылга чейинки фамилиясы Луковенко болгон. Ал 2011-жылы “Орус маршы” деп аталган жүрүш күнү шриланкалык адамды өлтүрүүгө айыпталып, сегиз жылга соттолгону маалымдалган. Абакта беш жыл отурган соң мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.

Би-би-синин орус кызматы Луковенко “Вагнер” түзүмдөрдө саясий технолог болгонун, Африкада иштегенин жазган. Ал Украинада да иш алып барганы жөнүндө маалыматтар чыккан.

Фамилиясын Васильев кылып өзгөрткөн бул адам Борбор Азияга, Кыргызстанга качан келгени белгисиз. Анын Фейсбуктагы баракчасында өлкөнүн түштүгүндө түшкөн көп сүрөттөрүн көрүүгө болот. (КЕ)

Дагы караңыз

Путин орус армиясындагы чет элдиктерди депортациялоого тыюу салдыУкраина Flamingo ракеталары менен Орусиянын дагы бир аскердик ишканасына сокку урду Таласта сууга чөккөн өспүрүмдү издөө учурунда куткаруучу каза болдуУкраинада эки жайкын тургун мерт кетти, Орусияда ишкана бутага алынды