Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Украинада эки жайкын тургун мерт кетти, Орусияда ишкана бутага алынды

Запорожье. 2026-жылдын 27-июну.
Запорожье. 2026-жылдын 27-июну.

27-июнга караган түнү Орусия Украинага 129 учкучсуз учак менен чабуул койду. Саат 08:30га карата анын 113ү атып түшүрүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдирди. Жети жерге 13 дрон тийгени жана урандылар түшкөнү катталды. Башкарылуучу авиабомбалар да учурулганы маалымдалды.

Днепропетров облусунда дрон жана авиабомба чабуулунан 56 жаштагы аялдын өмүрү кыйылганы, Сумыда 66 жаштагы эркек киши каза болгону маалымдалды.

Запорожьеде алты адам, анын ичинде 13 жаштагы кыз жараат алганын жергиликтүү бийлик билдирди. Облустук аскердик администрациянын маалыматы боюнча, башкарылуучу үч авиабомбадан көп кабаттуу имараттар жабыркады.

«Запорожье шаарынын Шевченко, Александровский, Космический жана Хортица райондорунда жалпысынан көп кабаттуу 23 үй, 17 жеке үй жана турак эмес имараттар жабыркады. Жарылуудан терезелер, балкондор жана чатырлар сынды», - деп жазды администрация башчысы Иван Федоров.

Сумы облусунун түштүгүндө дрондор түн ичинде Ахтырка шаарына жана анын айланасына чабуул коюп, 53 жаштагы аял оор жаракат алып, дагы тогуз адам жабыркаганын облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.

Ал эми Орусиянын аймагында ишембиге караган түнү 175 украин дрону жок кылынганын Москва билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин эртең мененки маалыматына караганда, учкучсуз учактар Белгород, Брянск, Калуга, Курск, Орлов, Ростов, Смоленск жана Тула облустарынын, Краснодар крайынын, Москва облусунун, аннексияланган Крымдын жана Кара деңиздин үстүнөн атып түшүрүлдү.

Министрликтин маалыматында Волгоград облусу тууралуу эч нерсе айтылган жок. Бирок аймактын башчысы Андрей Бочаров дрон эмес, ракета чабуулу болгонун билдирген. Ал абадан «жогорку ылдамдыктагы чабуул» коюлганын, Волгоградда «Краснооктябрь районундагы ишканалардын биринин өндүрүштүк объектилери жабыркаганын» айтты.

Украиналык Fire Point коргонуу компаниясынын башкы конструктору Денис Штилерман X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү баракчасына: «Волгоград Украинадан фламинголордун сезондук миграциясын тосуп алууда», - деп жазды.

Fire Point украиналык «Фламинго» ракеталарын жана алыскы буталарга чейин жетүүчү дрондорду жасайт. Украина Волгоградга коюлган чабуул тууралуу азырынча комментарий бере элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG