Кара-Балта шаарында таштандыны кайра иштетүүчү заманбап полигон куруу маселеси боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууга жергиликтүү бийликтин, АРИС агенттигинин, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын, Талды-Булак айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар катышты.
Маалыматка караганда, жалпы баасы 4 миллион АКШ долларын түзгөн бул долбоор Жапониянын (JFCM) гранттык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында заманбап экологиялык жана санитардык стандарттарга жооп берген, «Фукуока» технологиясынын негизинде пилоттук полигон куруу каралууда.
Жолугушууда жер тилкесин тандоо, муниципалитеттер аралык кызматташуунун механизмдери жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды сактоо маселелери талкууланды.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда таштанды полигондорунун саны эки эсе кыскарган. Учурда өлкө боюнча 290 таштанды таштоочу жай бар. (КЕ)