АКШда мигранттарды кармоо борборлорунда быйыл 20га жакын адам каза болду

АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын кызматкерлери мигрантты кармаган учур. 26-январь, 2026-жыл.

Быйыл жыл башынан берки беш айда АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) карамагындагы мигранттарды кармоо борборлорунда 18 адам каза болду. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк билдирди.

Анын айтымында, июнь айында дагы бир өлүм тууралуу маалымат түштү.

2025-жылы мындай борборлордо жалпы 33 өлүм катталган, ал эми 2024-жылы 11 адам каза тапкан.

Жогорку комиссар каза болгондордун жагдайы тууралуу маалыматтын жетишсиздиги жана ачык-айкындуулуктун жоктугу тийиштүү адамдарды жоопко тартууга тоскоолдук жаратып жатканын белгиледи.

"Мен ICE кармоосунда каза болгондор боюнча тез, көз карандысыз, калыс жана натыйжалуу иликтөө жүргүзүүгө чакырам. Мыйзам бузгандар жоопко тартылышы керек, ал эми курман болгондордун үй-бүлөлөрү чындыкты билүүгө, адилеттикке, зыяндын ордун толтурууга жана келечекте мындай окуялардын кайталанбашына кепилдик алууга укуктуу", - деди Фолкер Түрк.

Анын айтымында, өлүмдүн көбөйүшү АКШда мигранттарды кармоо системасынын кеңейиши менен байланыштуу. Учурда ICE борборлорунда 60 миңден ашуун адам кармалып турат, 2025-жылдын башында болжол менен 40 миң адам болгон.

2026-жылдын аягына чейин бийлик бул системанын мүмкүнчүлүгүн 90 миң адамга чейин жеткирүүнү пландап жатат.

Билдирүүдө белгиленгендей, кармалгандардын арасында балалуу үй-бүлөлөр, катуу ооруган адамдар да бар. Алар көп учурда тийиштүү медициналык жардам жана тамак-аш жетишсиз шартта кармалууда. Ошондой эле жугуштуу ооруларды жугузуп алуу коркунучу бар.

Кооптондурган күч колдонуу учурлары тууралуу да маалыматтар түшүүдө.

2026-жылы расмий катталган өлүмдөрдүн бешөө өз жанын кыюу катары классификацияланган.

Тюрктүн айтымында, мигранттарды кармоо акыркы чара катары гана колдонулушу керек жана оор физикалык же психикалык илдети бар адамдарга, ошондой эле кош бойлууларга карата колдонулбашы керек. Балдар, алардын миграциялык статусуна карабастан, мындай кармоо борборлоруна жайгаштырылбашы керек.

Мигранттарга жана качкындарга адамгерчиликсиз мамиле кылуу жана кылмышкер катары көрсөтүүнү кескин айыптаган жогорку комиссар мигранттарды адам укугу жаатында олуттуу коркунучтар күтүп турган өлкөлөргө кайтарууга жол берилбестигин да эскертти.

Дагы караңыз

Баткен: Катуу шамал менен селдин кесепетин жоюу иши улануудаЕвропанын айрым шаарларында ысык жогорку чекке жеттиКыргызстандын жарандыгына кабыл алуу, чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол коюлдуКыргызстан–Ооганстан Ишкердик кеңеши түзүлдүУкраина Flamingo ракеталары менен Орусиянын дагы бир аскердик ишканасына сокку урду