Жума күнү Германиянын, Бельгиянын жана Нидерланддын айрым шаарларында июнь айындагы ысык болуп көрбөгөндөй эң жогорку чекке жетти. Катуу ысыктан Батыш Европада ондогон адам көз жумду.
Германиянын Франция менен чектеш жайгашкан Саарбрюккен шаарында эң жогорку температура катталып, 41,3°C жетти. Голландиянын Лимбург провинциясында ысык 39,4°C болду.
Би-би-си жазгандай, бельгиялык синоптиктер өлкөдө 40°C ысык катталганын бейрасмий маалымдашкан.
Июнь айындагы аба табы Улуу Британияда жана Францияда да чектен ашты. AFP агенттигинин эсебинде, жума күнү Европадагы кеминде 150 миллион адам жашаган аймакта температура 35°C ашты.
Ишембиде Данияда акыркы 150 жылдан ашуун убакыттан берки эң ысык күн катталды. The Guardian жазгандай, абанын табы 36,6 градустан ашты.
Францияда ысыкты көтөрө албай ондогон адам каза болгону кабарланды. Күндүн катуу ысышынан темир жол байланышы үзгүлтүккө учурап, электр энергиясын иштеп чыгуу азайды, мектептер ишин токтотту, ал эми ачык асман алдындагы жапырт иш-чаралар башка күнгө жылдырылды.
Франция премьер-министринин маалымат кызматы ысык төмөндөй баштаганы менен медициналык жардамга кайрылгандар азая электигин, бейтапканага дарыланууга жаткандардын саны көптүгүн билдирди.
Италиянын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү 18 шаарда, анын ичинде Милан, Рим, Турин, Венеция жана Флоренцияда ысык кесепетинин "кызыл деңгээлин" жарыялады. Айрым райондордо абанын табы 39°C чейин чыгары күтүлүүдө.
Синоптиктер дем алыш күндөрү ысык аба Борбордук жана Чыгыш Европага, Польша жана Балканга да жайыларын билдирүүдө. Чехиялык метеорологдор ысык 2012-жылы катталган 40 градустан ашып түшөрүн айтышты.
Шерине