29-июндун аба ырайы: Күн ысыйт

Ысык-Көл.

30-июнга чейин күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

29-июнда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 18…23°, күндүз 35…40°;
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 14…19°, күндүз 27…32°;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 19…24°, күндүз 35…40°;
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 10…15°, күндүз 26…31°;
  • Нарын облусунда: түнкүсүн 7…12°, күндүз 26…31° болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, күндүз 14 метрге чейин күчөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 35…37° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 26…28° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 27-июнда күндүз 23,5°, ал эми 28-июнда эртең менен 19,6° болду.

Дагы караңыз

АКШда мигранттарды кармоо борборлорунда быйыл 20га жакын адам каза болдуОш: Көйгөйгө айланган таза суу маселеси Таласта сууга чөккөн өспүрүмдү издөө учурунда куткаруучу каза болдуБаткен: Катуу шамал менен селдин кесепетин жоюу иши улануудаЕвропанын айрым шаарларында ысык жогорку чекке жетти"Казакстандык ишкер" жана дрон. Орусияга оптикалык була ташуунун артында ким турат?