Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы жаралганын моюнга алып, бул көйгөй жарандарга жана бизнеске таасирин тийгизип жатканын билдирди.
28-июнда бийликтеги "Единая Россия" партиясынын жетекчилери менен жолугушууда ал айдоочулар менен ишкерлер кабылган көйгөйлөр чечиле электигин айтып, май куюучу жайларда кезектер дагы эле бар экенин белгиледи.
Путин бул абалды Украинанын Орусиянын аймагындагы энергетикалык объектилерге жасаган дрон чабуулдарына байланыштырды. Анын айтымында, "жарандык объектилерге жана инфраструктурага жасалган террордук чабуулдардын кесепеттерин мүмкүн болушунча азайтуу" зарыл.
Украинанын соккулары бир нече айдан бери мунай терминалдарын, кайра иштетүүчү заводдорду жана куурларды бутага алган.
Натыйжада Орусиянын кеминде 17 аймагында бензин менен дизелди сатууга милдеттүү чектөөлөр киргизилип, дагы ондогон аймактарда күйүүчү май тартыштыгы же жеке компаниялар тарабынан киргизилген чектөөлөр тууралуу маалыматтар тарады.
Кийинчерээк Кремл жарыялаган маегинде Путин энергетикалык инфраструктурага урулган соккулар көйгөй жаратып жатканын моюнга алып, ошол эле учурда абалды жеңилдетүүгө аракет кылды.
"Учурда белгилүү бир тартыштык бар, бирок ал критикалык деңгээлде эмес", – деди ал.
Социалдык тармактарда май куюучу жайларда узун кезекте турган айдоочулардын видеолору тараган. Путин айыл чарба тармагын күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырды. Анын айтымында, бийлик дизелдик күйүүчү майды экспорттоого толук тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку соккулар Орусиянын согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн алсыратууга багытталганын айтты.
Анын айтымында, Краснодар крайындагы Славянск мунай иштетүүчү заводу жана Украинанын чек арасынан болжол менен 700 чакырым алыстыкта жайгашкан Ярославль облусундагы дагы бир завод бутага алынган.
25-июнда Зеленський Украинанын коопсуздук кызматына Орусияга басымды күчөтүү жана согушту токтотууга түрткү берүү максатындагы 40 күндүк аскердик операцияны бекиткенин билдирген.