Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:43

Венесуэлада зилзаладан көз жумгандардын саны 1400дөн ашты

Зилзаладан кийинки Венесуэла.
Зилзаладан кийинки Венесуэла.

Венесуэлада 25-июнга караган түндө эки ирет болгон жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 1430 адамга жетти. Дагы 3238 адам жаракат алды. The Guardian жазгандай, кеминде 68 900 адамды жакындары дайынсыз жоголду деп билдиришкен.

Утурумдук президент Делси Родригес ишембиде кечинде 24 өлкөдөн 2700 куткаруучу издөө иштерине көмөктөшүү үчүн жиберилгенин билдирди.

Урандылардын алдынан табылган 13 жаштагы бала. Да Гуайра. 27-июнь, 2026-жыл.
Урандылардын алдынан табылган 13 жаштагы бала. Да Гуайра. 27-июнь, 2026-жыл.

CNN белгилегендей, апаат болгондон бери 72 сааттан ашык убакыт өттү - бул уранды алдында калгандарды табуу үчүн эң маанилүү учур. Бул убакыт өтүп кеткенден кийин суусуз шартта тирүү калуу мүмкүнчүлүгү кескин азаят.

Эл аралык Кызыл Чырым жана Кызыл Ай коомдорунун Америка өлкөлөрү боюнча федерациясынын директору Лойс Пейс тез-тез кайталанып жаткан жер титирөөлөр куткаруу иштерин кыйындатып жатканын айткан.

Зилзаладан аман калгандарды куткаруучу аскер ити менен. Ла Гуайра, Венесуэла. 26-июнь, 2026-жыл.
Зилзаладан аман калгандарды куткаруучу аскер ити менен. Ла Гуайра, Венесуэла. 26-июнь, 2026-жыл.

CNN менен сүйлөшкөн венесуэлалык чиновниктин айтымында, эки ири жер титирөөдөн кийин кеминде 430 кайталанган силкинүү (афтершок) болгон.

Бириккен улуттар уюму (БУУ) жер титирөөлөрдөн келтирилген чыгымды 6,7 миллиард доллар деп баалады, бул Венесуэланын ички дүң өнүмүнүн 6 пайызына барабар.

Өлкө түндүгүндө бейшембиге караган түнү 39 секунд аралыгында 7,2 жана 7,5 баллдык эки жер титирөө катталган. Экинчиси өлкөдө акыркы 125 жылдан берки эң күчтүүсү болгон. Борбор шаар Каракастын түндүгүндөгү, эл аралык аэропорт менен өлкөнүн ири деңиз порту жайгашкан Ла-Гуайра штаты эң чоң жабыркоого туш болду.

Жер титирөөгө байланыштуу өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG