30-июнга чейин күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
29-июнда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн 18…23°, күндүз 35…40°;
- Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 14…19°, күндүз 27…32°;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 19…24°, күндүз 35…40°;
- Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 10…15°, күндүз 26…31°;
- Нарын облусунда: түнкүсүн 7…12°, күндүз 26…31° болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, күндүз 14 метрге чейин күчөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 35…37° ысыйт.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 26…28° жылуу болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 27-июнда күндүз 23,5°, ал эми 28-июнда эртең менен 19,6° болду.
Шерине