Баткенде катуу шамалдын чыгымы 16 млн сом деп эсептелди

Баткен. 2026-жылдын 27-июну.

27-июнда Баткен шаарында жана Баткен, Лейлек райондорунда ылдамдыгы секундасына 27–28 метрге чейин жеткен шамалдын кесепетинен келген чыгым эсептелди.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен айрым турак жайлардын жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркап, материалдык чыгымдар келтирилген. Алдын ала эсеп боюнча жалпы келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 16 миллион сомду түздү.

Баткен облусунун Жарандык коргонуу комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүп, анда кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралып, мамлекеттик жана муниципалдык объектилерди камсыздандыруу иштерин тездетүү тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары, Баткен облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана аймактык саламаттык сактоо кызматтарына кырсыктан жабыркаган эки адамга зарыл болгон бардык медициналык жардамды өз убагында көрсөтүү тапшырмасы берилди.

27-июнда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Рават айылынын аймагында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ош—Раззаков автоунаа жолу убактылуу жабылган. (JsA)

Дагы караңыз

Орус армиясынын соккуларынан Украинада 11 киши набыт болдуКазакстанда аскерлерди жогорку күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча машыгуулар өтүүдөПутин менен жолугушууну талап кылган мурдагы аскер камалды“75чилердин каты”: прокурорлор шектүүлөрдү 9 жылдан абакка кесүүнү сурадыКыргыз өкмөтү күйүүчү майды коңшу өлкөлөрдөн да сатып алууну пландап жататБишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө салынган тыюу узартылды