Белгилүү кинооператор, "Кыргызфильмдин" мурдагы жетекчиси Сапар Койчуманов каза болду. Бул тууралуу киносынчы Гүлбара Төлөмүшова билдирди.
67 жаштагы кинооператордун үй-бүлөсү буга чейин дарыланууга акча чогултуп жаткан. Сапар Койчуманов 2014-жылы инфаркт алып, кыска убакытка клиникалык өлүмдү баштан кечирген. Акыркы айларда ден соолугу кескин начарлап, адистер жүрөктүн клапандарын алмаштыруу боюнча оор операциялар керектигин айткан.
Сапар Койчуманов ВГИКтин оператордук факультетин бүтүрүп, 40 жылдай киноиндустрияда иштеген.
Оператор-коюучу катары "Отрардын кыйрашы", "Бороондуу бекет", "Лейланын дубасы", "Бейиш куштары" баштаган 30дай кыргыз жана казак сериал-фильмдерди тарткан. "Алтын так", "Лидердин жолу. Оттуу дарыя. Темир тоо" тарыхый долбоорлоруна катышкан.