Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Футбол: Канада, Бразилия, Парагвай жана Марокко 1/8 финалга чыкты

Бразилия жана Жапония улуттук курама командаларынын беттеши.
Бразилия жана Жапония улуттук курама командаларынын беттеши.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычынын оюндары башталды.

Бразилиянын улуттук курама командасы Жапонияны 2:1 эсебинде утуп 1/8 финалга чыкты. Мунун алдында Канада Түштүк Африка Республикасын 1:0 менен жеңип, бул курама команда да кийинки баскычка өткөн.

Германия менен Парагвайдын футболчулары кез келип негизги убакытта эки курама 1:1 эсебинде тең чыкты. Кошумча берилген 30 мүнөттө да жеңүүчү аныкталбай пеналтилер сериясына чейин жетти. Анда Парагвай Германияны 4:3 менен утуп, дүйнө чемпионатынын фавориттеринин бири – Германияны жеңип, сенсация жаратты.

Андан соң Нидерланды менен Марокконун футболчулары беттешти. Эки курама да негизги жана кошумча берилген убакытта 1:1 менен тең чыгып, алар да пеналти тебишти. Жыйынтыгында Марокко 3:2 эсеби менен утуп, 1/8 финалга жолдомо алды. Ошентип дүйнө чемпионатындагы эки күчтүү делген курамалар – Германия менен Нидерланды беттештен четтеди.

11-июнда башталып, 19-июлга чейин улана турган футбол боюнча дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтүп жатат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG