Украина мунай заводдорун, Орусия май куюучу жайларды бутага алууда

Днепропетровск облусунда беш май куюучу жайга сокку урулганы кабарланды. Украина, 1-июль, 2026-жыл

Орусия шаршембиге караган түнү Украинанын май куюучу жайларына соккуларды улантты. Днепропетровск облусунда эле беш жайга дүрмөт тийгенин, өрт тутанганын, бир аял каза таап, үч киши жарадар болгонун губернатор Александ Ганжа кабарлады.

Орус Коргоо министрлиги бул украин армиясынын мунай иштетүүчү заводдорун аткылаганына жооп катары атайылап жасалган кампания экенин моюнга алды. 30-июнда мекеме украиналык 25 май куюучу жайга дрондордон сокку урганын, муну менен "украин армиясынын транспорттук логистикасын үзгүлтүккө учуратууну көздөгөнүн" билдирди.

Украина ошондой эле максат менен оккупацияланган аймактары менен аннексияланган Крымга бензин тартып бараткан машинелерди бутага алып келатат. Жарым арал күйүүчү май тартыштыгынан бир нече жумадан бери жапа чегүүдө.

Орус аскерлери мындан тышкары шаршембиде кошуна өлкөсүнүн энергетикалык инфраструктурасына чабуул койгону маалымдалды.

"Укрэнерго" компаниясынын Телеграм каналында айтылгандай, алты чөлкөмдө электр энергиясын чукул өчүрүүгө туура келди.

Херсон, Запорожье облустарын аткылоодон адам өмүрлөрү кыйылды.

Ал тапта 30-июндун кечинде украин президенти Владимир Зеленский Пензадагы аскердик заводго жана Уфадагы мунай иштетүүчү жайга сокку урулганын ырастады. Анын айтымында, Пензада Украинаны күн сайын аткылаган ракеталардын тетиктери чыгарылат.

Дагы караңыз

Биринчи кварталда чет өлкөлөрдөн 386,7 млн доллар түз инвестиция тартылды"Президенттик шайлоого байланыштуубу?" Күч органдарындагы кадрдык алмашуу"Тез жардам, өрт өчүргөн машинеге да бензин жок". Орусиядагы кризис