Башкы прокуратура Каракол шаарында мэрия сатып алган атайын техника боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.
Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында республикалык бюджеттен 329 миллион 700 миң сом бөлүнүп, ага 31 техника сатып алынганы такталган. Бирок алардын бир бөлүгү белгиленген ченемдерге жана техникалык талаптарга жооп бербей турганы такталган.
Таштанды ташуучу беш машинеде, таштандыны өзү түшүрүүчү жүк ташуучу үч автоунаада жана жол тазалай турган эки техникада кемчиликтер аныкталып, анын кесепетинен мамлекетке өзгөчө көп суммада зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Президент Садыр Жапаров 1-июлда Караколго барганда шаардын мэриясы сатылып алынган айрым техникада кемчиликтер бар экенин, кээ бирлеринин айрым жерлери колго жасалып, техникалык талаптарга жооп бербей турганын билдирген. Президент бул окуяны териштирип, зыян келтирилген болсо анын ордун толтуруу тапшырмасын берген. (BTo)