Венесуэладагы жер титирөөнүн курмандыктары 2,5 миңден ашты

Жер титирөөдөн 200дөй имарат кыйрап калды. Венесуэла, 2-июль, 2026-жыл

Венесуэланын утурумдук президенти Дельси Родригес жер титирөөнүн курмандыктары 2595 кишиге жеткенин, 12 минден кобү жараат алганын жана 198 имарат талкаланганын билдирди.

24-июнда жер эки жолу силкингенде экөөнүн тең магнитудасы 7ден ашкан.

Шаршембинин кечинен бери өлкөдө жети күндүк аза күтүү жарыяланган.

2-июлдагы пресс-конференцияда Родригес куткаруучулар урандылардан аман калгандарды издөө иштерин улантып жатканын, алты миңге чукул кишини алып чыгышканын айтты.

Маалыматка караганда, өлкө кайра куруу фондуна акча чогултуу үчүн эл аралык финансылык институттар менен кызматташууда.

Родригес өкмөт жай иштеди, жардам өз убагында көрсөтулгөн жок деген сынды четке какты.

Ал ошондой эле дайынсыз болуп жаткан адамдардын санына токтолгон жок. Расмий эмес маалыматтарга караганда, 38 жарым миндей киши табылбай жатат. Зилзаладан кийин 60 миң киши тууралуу айтылып жүрдү.

Жабыркаган жергиликтүү тургундар өрт өчүрүүчүлөр, жарандык коргонуу кызматкерлери, медицина студенттери, ыктыярчылар менен чет өлкөлүк куткаруучулар менен чогуу бир нече күндөп жакындарын урандылардан алып чыгууга аракеттенип жатышты.

Бир топ киши жана куткаруучулар оор техниканын тартыштыгына нааразы болгон.

Дагы караңыз

“Кыргызнефтегазда” 1 млрд сомго жакын каржылык мыйзам бузуу аныкталдыСот Ташиев баштаган сегиз кишини төрт жылдан кесип, пробация менен эркиндикте калтырдыКыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын 1-1,5 айга жете турган кору бар