Кашкадарья шаарынын соту Орусиянын Украинага каршы согушуна катышканы үчүн өзбекстандык 26 жаштагы кишини 4 жыл, 6 айга кести.
"Газета" басылмасы жазгандай, сотто ал орус Коргоо министрлиги колонияда отурганда аны келишимге кол коюуга мажбурлаганын айтты.
Соттун документтерине ылайык, айыпкер 2019-жылы Орусияга сезондук жумушка кеткен. Ал жакта Кыргызстандын жаранын өлтүргөнү үчүн тогуз жылга эркинен ажыратылган.
Ижевскидеги абакта отурган жеринен Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимге кол койгон жана 2025-жылы ноябрда Луганскидеги аскердик бөлүктө даярдыктан өткөн.
Жарадар болгондо госпиталга жөнөтүлгөнү, ал жактан качып кеткени айтылат. Андан кийин Ташкентке кайтып барган.
Сот аны жалданмачылыкка айыптуу деп тапты жана 4 жыл, 6 айга абакка кести.
Украинанын мамлекеттик "Жашагым келет" ("Хочу жить") долбоорунун маалыматына ылайык, Орусия кол салган төрт жылдан ашуун убакытта 13 миңге жакын борборазиялык орус армиясы менен келишим түзгөн. Борбор Азиядан барган дагы 80 миңдей адам Орусияда аскердик кызмат өтөө үчүн каттоого алынган.
Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанда акыркы үч жылда Украинада согушкан ондогон жаранга өкүм чыккан. Алар негизинен 3-5 жылга чейин эркинен ажыратылган.