Армения чет өлкөдө жашаган жарандардын добуш берүү укугун чектеди

Арменияда өткөн парламенттик шайлоо. 7-июнь, 2026-жыл.

Армениянын Улуттук жыйыны акыркы окууда шайлоолордо өлкөдө туруктуу жашаган жарандарды гана добуш берүү укугуна ээ кылган мыйзамды кабыл алды.

Бул тууралуу "Азаттыктын" армян кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай демилгени колдоп, парламенттеги "Жарандык келишим" партиясы жана "Армения" партиясынан чыгып кеткен бир депутат добуш берди.

Мурдагы президент, учурда оппозицияда жүргөн Роберт Кочаряндын "Армения" фракциясы бул чечимге байланыштуу Конституциялык сотко кайрыларын жана документ канчалык деңгээлде мыйзамдуу кабыл алынганын текшерүү керектигин билдирди.

Жаңы мыйзамга ылайык, Армениядагы шайлоолордо добуш берүү укугу шайлоочулардын тизмеси жарыяланганга чейинки мезгилде өлкөдө кеминде бир жыл жашаган жарандарга гана берилет.

Чет өлкөгө окуган же мамлекеттик иш сапарда жүргөн жарандарга бул жаңы эреженин тиешеси жок.

Бир канча эл аралык уюмдар мыйзам долбоорун сындап, жаңы кабыл алынган документ Баш мыйзамка каршы келерин, ал өлкөнүн демократиялык принциптерине шек келтирип, жарандардын саясий укуктарын бузарын айтышууда.

Армян бийлиги сыртта жүргөн жарандарына шайлоолордо добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзбөйт. Элчилик же консулдуктарда уюштурулган шайлоо участокторунда дипломаттык кызматкерлер жана алардын жакындары гана добуш берүү укугуна ээ.

Дагы караңыз

Европанын үч өлкөсүндө аптап маалында үч миңдей адам каза таптыСпикер Маматалиев Али Хаменеинин зыйнатына катышуу үчүн Иранга бардыНовороссийск шаарында бензин сатуу чектелди