Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу, учурда камакта отурган Кадырбек Атамбаев ачык кайрылуу жасады.
Анын жабык жайдан жазган катын карындашы Алия Шагиева өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.
Кадырбек Атамбаев катта уюшкан кылмыштуу топтор менен эч кандай байланышы жоктугун жана курал-жарагы болбогонун белгилеп, өзүнө карата кылмыш ишти "токулган" деп мүнөздөгөн.
Атасы Алмазбек Атамбаевди опузалагысы келгендер өзүн барымтада кармап турганын кошумчалаган.
"Кош стандарт баарына көрүнүп турат. Мисалы "75чилердин катына" байланыштуу иш бир айда эле тергелип бүттү. Ал эми Темирлан Султанбеков экөөбүздүн ишибиз жети айдан ашык убакыт тергелди. Бул тарыхый адилетсиздик. Мен Максим Бакиев же Айдар Акаевдей эмесмин, банк ачып же бизнести рейдерлик менен тартып алып, эл аралык мафиялардын акчасын алып, чайкоочулук кылганым жок. Бирок ага карабай мен сегиз айдан бери таракан жана канталага толо тергөө абагында отурам. Ошол эле учурда Максим Бакиев өлкөгө (Кыргызстанга) ээн-эркин кирип чыгып, Ширшов болсо өз фондун ачып жатат", - деген Кадырбек Атамбаев.
Кадырбек Атамбаев жаңы кармалганда кыйноого кабылганын, чогуу отурган адамдар аны колдогону үчүн басымга дуушар болгонун, камерада күн сайын тинтүү жүрүп, абак кызматкерлери энесине жана үй-бүлөсүнө жазган каттарын тартып алганын дагы кошумчалаган.
Жаза аткаруу кызматы Кадырбек Атамбаевдин бул каты боюнча расмий жооп бере элек.
Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган.
“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, активист Турсунбай Шарапов, экс-депутат Шайлообек Атазов жана ишкер Урмат Барктабасов, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адам “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча шек саналууда.
Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан. Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов 25-январда үй камагына чыгарылган.