Санкт-Петербургда дрон тийген мунай терминалы өрттөнүп, Белгороддо электр жарыгы өчтү

Орусияда Украинанын чабуулунан кийинки көрүнүш. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Украин аскерлери 4-июлга караган түнү 400дөй дрон менен Орусиянын бир нече аймагына чабуул койду.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына алайык, 18 аймакка сокку урулган, анын арасында аннексияланган Крым, Азов жана Кара деңизинин акваториясы да бар.

Ленинград облусунун башчысы Александр Дрозденконун айтымында, 72 дрон атып түшүрүлгөн.

Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов Телеграм-каналы аркылуу өзү башкарган аймакка ушундай эле сандагы чабуул болуп, анын кесепетинен шаардын Киров районунда жайгашкан мунай терминалы жабыркаганын билдирген. Ал "чабуулдун техногендик кесепеттери жоюлуп, жабыркагандар катталбаганын" билдирди.

"Бумага" басылмасы Красносельский районунун тургундарына таянып, Петербургда жарылуулардын үнү угулуп, асманга коюу түтүн көтөрүлгөнүн жазды. Шаар бийлиги Кронштадт, Петродворец жана Курорт райондорунда абадан коргонуучу жабдыктар иштеп, айгай жарыялаганын билдирди.

Аймактагы ири "Петербург мунай терминалынын" айланасында өрт тутанганы тууралуу кадрлар соцтармактарга тарады. Мындан кийин ASTRA телеграм-каналы өрт жогоруда аталган акционердик коомдун аймагында болгонун, терминал Санкт-Петербургдун Чоң портуна жакын жайгашып, мунай жана мунай өнүмдөрүн темир жол, атайын түтүк жана деңиз транспорту менен ташып өткөрүүдө колдонуларын жазды.

Украин лидери Владимир Зеленский Орусияга сокку урулганын Телеграм-каналында ырастады, алардын дагы бир максаты Кронштадт болгонун кошумчалады.

"Украинанын Коргонуу күчтөрү Орусиянын согушун каржылап жаткан порттогу мунай инфраструктурасына сокку урду. Кронштадттагы аскердик бутага да тийди. Бул объекттер Украинанын мамлекеттик чек арасынан 850 чакырымдан ашык аралыкта жайгашкан", -деген Зеленский.

Белгород шаарынын тургундары социалдык тармактарда Украинанын түнкү чабуулунан кийин көп жерде өрт чыгып, электр энергиясы жана суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураганын жазышууда.

Жергиликтүү "Пепел" басылмасынын маалыматына ылайык, шаарда электр жарыгы өчкөн. Ракеталык соккулар негизги электр көмөк чордондоруна урулган. Ал эми "Луч" жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) өрт тутанган. Жакынкы калктуу конуштарда да электр энергиясы өчүрүлгөн.

Дагы караңыз

Аялды уруп же зордуктап өлтүргөндөрдү өмүр бою соттоо сунушталдыАрмения чет өлкөдө жашаган жарандардын добуш берүү укугун чектедиХаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты расмий башталды