Нөшөрлүү жаандан улам Балыкчы-Жалал-Аба алтернативдүү жолун сел суулары каптаган. Анын кесепетинен улам жолдун үстүнө кум-топурак аралашмасы топтолуп, каттам токтоп калган.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев Фейсбук баракчасына жазды.
Жеринде жолду тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн министрликтин оор техникасы иштеп жатат.
Министрлик айдоочуларга жана жүргүнүлөргө кайрылып, жолдо этият болуп, эрежелерди так сактоону суранууда.
Ал эми Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Терек-Чаты-Терек автоунаа жолу селден улам кайра жабылды. Азыр бул жерде суунун көлөмү көбөйүп жатканы да айтылууда.
Ысык-Көлдүн Чоң-Ак-Суу капчыгайына бараткан автожолго чукул дарыяга куйган суу кирип, жээктерин бекемдөө иштери үзгүлтүсүз жүрүп жатат.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул жылы 283 сел кырсыгы катталды.