Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун уулу Адам Кадыров Орусиянын "Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясына 90 жыл" юбилейлик медалы менен сыйланды.
Атасы Рамзан Кадыров ушундай эле сыйлык өзүнө дагы берилгенин Телеграм-каналына жазды. Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган салтанатта тартылган видеодо кызматкерлерге сыйлыктарды Рамзан Кадыров өзү, андан кийин уулу таратып жатканын көрүүгө болот.
Июнь айынын этегинде 18 жаштагы Адам Кадыров өзүнүн рулда отурган видеосун тарткан. Кадрдан анын калктуу конуштарда уруксат берилген ылдамдыкты болжол менен эки эсе ашырып айдап, каршы тилкеге чыкканын көрүүгө болот. Аны атайын коштоп жүргөн унаалар көрүнгөн эмес - тагыраагы башка машинелер үчүн дагы кыймыл токтотулган эмес.
2024-жылдын 16-январында Грозныйда Адам Кадыровдун кортежи жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен башка автоунаанын айдоочусу каза болгону айтылган.
"Кавказ.Реалии" редакциясынын маалыматында, кырсыктан кийин Адам Кадыров жана анын жанындагы 20дай адам ооруканага түшкөн.
"Новая газета Европа" басылмасы Адамга операция жасалып, көк боорун алып салышканын жана көзүнүн нервдери дагы катуу жабыркаганын жазган. Бул маалыматтарды расмий органдар же Кадыровдордун өзү ырастаган да, четке каккан да эмес.
18 жаштагы Адам Кадыровго июнь айынын ортосунда "Чеченстандык баатыры" деген наам экинчи ирет берилген. Атайын буйрукка атасы кол койгон. "Баатыр" деген наамды ал алгач 2023-жылы, Грозный шаарындагы түрмөдө жаткан Никита Журавелди сабагандан кийин алган. Андан бери Кадыровдун уулу 20дан ашык сыйлыктарды алып, бийлик жана аскер түзүмдөрүндөгү бир катар кызматтарды аркалаган.
Июнь айынын башында чеченстандык NIYSO кыймылы күч кызматкерлеринин шалаакылыгынан бир жаран каза болгонун айтып чыккан.
NIYSO 9-майда Грозныйда күч органдарынын катышуусунда болгон жол кырсыгында 62 жаштагы Тахир Вазарханов мерт болгонун, анын өлүмүнө учкучсуз учак кубалап баратышы ыктымал делген кадыровчулар себепкер болгонун айтып чыгышкан.