Орусиянын президенти Владимир Путин башка чет өлкөлүк лидерлер менен катар АКШнын президенти Дональд Трампты өлкөнүн көз карандысыздыгынын 250 жылдыгы менен куттуктады.
Кремлдин расмий сайты жарыялаган катта Путин Трампка расмий эмес формада, "сен" деп кайрылган.
"Урматтуу Дональд, чын дилимден куттуктоомду кабыл алып кой. Дональд, сага жана сенин жакындарыңа ден соолук, бакубатчылык жана ийгилик каалайм. Ал эми жалпы америкалык жарандарга бакыт жана өнүгүү болсун", - деп жазылган Путин Ак үйдүн башчысына жазган катында.
Трампка жолдонгон телеграммасында Путин дүйнөлүк согуштардагы өнөктөштүктү эске салган: "Биз бирге адамзатты нацизмдин үрөй учурган кесепеттеринен куткарганбыз", - деп жазылган анда.
Ал ошондой эле бүгүнкү күндө Орусия менен АКШ дүйнөдөгү эң ири эки өзөктүк держава катары глобалдык деңгээлде коопсуздук жана туруктуулукту камсыз кылууда өзгөчө жоопкерчилик тартарын айткан.
"Агентство.Новости" басылмасы Кремль мындай катты биринчи жолу коомчулукка чыгарганын белгилеп, Москва АКШны көз карандысыздыгы менен куттуктоо тажрыйбасын 2025-жылы гана жандандырганын да белгилеген.
Дональд Трамп буга чейин бир нече жолу Владимир Путинди колдогон маанайдагы пикирин айтып келген. Рейтер агенттигинин белгилешинче, бул анын дарегине Орусияга карата "өтө жумшак мамиле кылууда" деген сын-пикирге себеп болгон. Сынчылар мындай пикирди Орусия Украинага каршы кеңири масштабдуу согушту бешинчи жыл улантып жаткан шартта билдиришкен.
Өз кезегинде Трамп АКШнын президенттеринин ичинен Москвага карата өзүнөн катуу позицияны эч ким карманбаганын айтып келет.
Ошондой эле ал Орусиянын Украинага басып киришин "акылга сыйбаган аракет" деп атап, бул жаңжал өлкөнүн өзүнө да чоң зыян алып келип жатканын белгилеген.