Адылбек Касымалиев Орусияда өнөр жай көргөзмөсүнө катышат

Адылбек Касымалиев

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жумуш сапары 5-6-июлга белгиленген.

Анын алкагында ал Орусиянын Екатеринбург шаарына барып, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, бир катар жолугушууларды өткөрөрүн өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

"Иннопром" - Орусияда жылда өткөрүлүп туруучу өнөр жай көргөзмөсү. Анда бизнес, илим жана бийлик жаатындагы өкүлдөр чогулуп, бул тармактын келечегин талкуулайт.

Дагы караңыз

Аялды уруп же зордуктап өлтүргөндөрдү өмүр бою соттоо сунушталдыВенесуэлада зилзаладан каза тапкандар үч миңге чукулдады Орусиянын армиясы Украинаны ракета жана дрон менен аткылады, каза тапкандар бар