Футбол: Бразилияны ыйлаткан Холанн, Норвегия чейрек финалда

1/8 финалда Норвегия Бразилияны 2:1 эсебинде жеңип, тарыхында биринчи жолу чейрек финалга чыкты. Сүрөттө: норвегиялык чабуулчу Эрлинг Холанн голун майрамдап жатат. Беттештен кийин бразилиялык Неймарды командалашы жубатууда.

Түндүк Американын үч өлкөсүндө өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалчылары аныктала баштады. Чемпионаттын башында эле негизги фаворит катары айтылган Англия менен Франция ишенимдүү алдыга жылууда.

Бүгүн 1\8 финалда испандар Португалия менен, 8-июлда аргентиналыктар Египет менен ойноп, жеңгени чейрек финалга чыгат. Башынан эле ушул төрт курама команда – Испания, Аргентина, Франция, Англия фаворит катары аталып келүүдө.

Норвегия футболунун жаңы тарыхы

Эрлинг Холанндын эки голу Норвегияны дүйнө чемпионатынын чейрек финалына алып чыкты.

Эрлинг Холанн

1/8 финалда Норвегия Бразилияны 2:1 эсебинде жеңип, тарыхында биринчи жолу чейрек финалга чыкты. 25 жаштагы норвегиялык чабуулучу Холанн Бразилиянын дарбазасына эки жолу таамай тээп, турнирдеги голдорунун санын жетиге жеткирди. Муну менен Франциянын Килиан Мбаппеси жана Аргентинанын Лионель Мессиси менен “Алтын бутсага” талапкер болууда.

Футбол эксперттери оюндун жүрүшүндө Холаннга 30 жолу топ тийип, 13 жолу ийгиликтүү пас берди деген эсептөөлөрүн жарыялашты. Бирок жыйынтык эки гол. Ал Норвегия курама командасы менен 54 расмий оюнда 62 гол киргизди. Анын алтоо пенальтиден. “Манчестер Ситинин” чабуулчусу дүйнө чемпионатынын жылдызы болууда.

Оюн алдында бул жолу Холанн менен Бразилиянын жана “Арсеналдын” коргоочусу Габриэлдин кармашы болот деген сөздөр айтылган. Чынында эле оюндун биринчи бөлүгүндө Габриэл үстөмдүк кылып жаткандай сезилди. Бирок оюн кызый баштаган сайын Холанн үчүн жашыл талаада бош калган өтмөктөр көбөйүп, коргоочулардын шайы ооду. 79-мүнөттө сол тараптан башталган чабуулду Холанн гол менен жыйынтыктады. 90-мүнөттө экинчи голун тээп, Норвегия жеңишке жетти.

Бразилиянын жалгыз голун Неймар тепти. 34 жаштагы футбол жылдызы бул анын Бразилия курамасы үчүн акыркы дүйнө чемпионаты болгонун айтты.

Бразилиянын жалгыз голун Неймар тепти

Дүйнөнүн беш жолку чемпиону Бразилиянын акыркы чемпионаттарда жолу болбой келүүдө. 2014-жылы чемпионат ушул өлкөдө өтүп, жарым финалда Германиядан 1:7 эсебинде жеңилип калган. Трибунада олтурган күйөрмандар ыйлап, Бразилия футболунун эң ызалуу беттештеринин бири болуп калган эле. Айрым журналисттер Бразилия турнирде мурдагыдай өтө ишенимдүү болбой калганын белгилейт.

Футбол күйөрмандары дароо эле Бразилияны фаворит катары санаган доор дагы артта калгандай. 2018-жылы Бразилия чейрек финалда Бельгияга утулса, 2022-жылы Катарда өткөн дүйнө чемпионатында чейрек финалда Хорватияга жеңилип калган. Андан кийинки эл аралык мелдештерде, Америка кубогунда дагы жеңилген учурлары көп болду. Бул футбол комментаторлорунун “алгачкы жолу ушундай болду”, “тарыхта биринчи жолу” деген сөздөрү менен коштолду. Жергиликтүү басылмалар “улуттук курама мурдагы жүзүн жоготту” деп сындап, команданын өзүнө болгон ишеними жана дүйнөнү таң калтырган өзгөчө стили жоголду деп жазып келишет.

Барзилиялык күйөрман. 16-июль, 2026-жыл.

Бразилияны чемпионатка атактуу машыктыруучу Карло Анчелотти жетектеп келген. 1960-жылдан бери Бразилиянын улуттук курамасын биринчи жолу чет элдик машыктыруучу жетектеди. Жыйынтык көрсөткөндөй азырынча андан деле майнап чыккан жок. Футбол тили менен айтканда: “Бразилия үйүнө кайтты”.

Ал эми Норвегия өзүнүн чемпионаттагы жолун андан ары улайт. Чейрек финалда Англия менен беттешмекчи. Баса, бул чемпионатта норвегиялык күйөрмандардын "Викингдердин калак шилтөөсү" бүт дүйнөгө тарап, тренд болууда. Норвегиялык күйөрмандар викингдердин туулгасын кийип, ишенимдүү калак шилтеп баратат. Англия викинг кемесин токто алабы, 12-июлдагы беттеште көрөбүз.

Англиянын "чебин" буза албаган Мексика

Англия 1/8 финалда үй ээлери Мексиканы 3:2 эсеби менен утту. Деңиз деңгээлинен эки миң метр бийиктиктеги “Ацтека” стадионунда мексикалыктар эч качан утулган эмес экен.

Англиянын башкы машыктыруучусу Томас Тухел беттеш өтө оор болгонун айтты. Оюндун 52‑мүнөтүндө англиялык коргоочу Жарелл Куанса кызыл айып кагазын алды.

Англия үчүн драма, эмоция коштогон беттеш болду. Аба ырайына байланыштуу беттеш бир саат кеч башталды, кызыл айып кагазы жана 11 метрлик айып тобу! Мексикалык күйөрмандар оюн башталардан беш саат мурун эле көчөгө толуп, ызы-чуудан кулак тунуп турду. Бирок аягында “Англия дүйнө чемпиондугуна болгон жолун улап жатат” деген англиялык баяндамачылардын үнү шаңдуу чыкты.

Мексикалык футболчулар күйөрмандарына ыраазычылык билдирүүдө. 5-июль, 2026-жыл.

Тухелди башынан эле курамды тандоодо жаңылыштык кетирди деп сындап жатышкан. Бул беттеште анын стратегиясын макташты. Куанса кызыл айып менен четтетилгенден кийинки алмаштыруулар өзүн актап, команда коргонууда мыктылыгын көрсөттү. Жуд Беллингем эки гол тээп, бул оюндун жылдызына айланды. Англиянын дарбазачысы Жордан Пикфорд беттештин каарманы болду.

Харри Кейн пенальтиден гол тепти. Мексикалыктар өз үйүндө жанын берип ойноп, бирок Англиянын “бекем чебин” талкалай алган жок. Мексикалык футболчулар Хулиан Киньонес менен Рауль Хименес гол тепти.

Мексика – Англия 2: 3 (Голдор: Киньонес, 42 мин. Хименес, 69 мин (пенальти). Беллингем, 36 мин, 38 мин. Кейн, 60 мин (пенальти).

Чейрек финалда Марокко менен Франция беттешет

Марокколук Браим Диас жана командалаштары беттештен кийин майрамдап жатышат. 1/8 финалда Канада менен Марокко беттешти. Хьюстон, Техас, АКШ. 2026-жылдын 4-июлу.

1\8 финалда Парагвайды 1:0 эсеби менен уткан Франция 9-июлда чейрек финалда Марокко менен беттешет. Дидье Дешамдын командасы чемпиондукка эң негизги атаандаш. Бирок Германияны жеңип, кийинки баскычка өткөн Парагвай менен оюн оор болду. Парагвай эрежени бузган, орой оюнга басым жасады. Анын курамындагы оюнчулардын көбү Түштүк Америка чемпионатындагы клубдарда ойнойт.

Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе беттеште өзүнүн жеке рекордун жаңылап, бир гол киргизди. Ошентип ал жети голу менен мыкты чабуулчу болууга умтулууда. Бул беттешке өзбекстандык Илгиз Танташев калыстык кылды.

Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе командасы менен голду майрамдоодо. 22-июнь, 2026-жыл.

2022-жылдагы дүйнө чемпионатынын мыкты командасы катары эсте калган Марокко бул жолу дагы ишенимдүү ойноп жатат. Алар 1\16 баскычында Нидерланд командасын утуп, 1\8 финалда Канаданы 0:3 эсеби менен жеңди. Нидерланд командасынын башкы машыктыруучусу Роналд Куман жоопкерчиликти өзүнө алып, отставкасын жарыялады.

Чейрек финалда Марокко менен Франция беттешмекчи.

Португалия Испанияны жеңе алабы?

Испаниянын чабуулчусу Микел Оярсабал 1/8 финалында Австрия менен беттеште гол киргизип, командалаштары менен кубанып жатат. 2026-жылдын 2-июлу, АКШнын Калифорния штатындагы “Лос-Анжелес” стадиону.

Чейрек финалга чыга турган калган командалар алдыдагы күндөрдө белгилүү болот. Бүгүн, 6-июлда Португалия менен Испания беттешет. Андан кийин АКШ Бельгия менен ойномокчу. Аргентина болсо Египет менен, Швейцария Колумбия менен ойноп, чейрек финалчылар белгилүү болот.

Көпчүлүк күйөрмандар үчүн Португалия менен Испаниянын беттеши өзгөчө бүйүр кызытып турат. “Азаттык Азиянын” журналисти, футбол боюнча эл аралык беттештерде комментаторлук кылган Абдулла Жусупалиев алдыдагы беттешке сереп салат:

"Менимче, азыр Португалия дүйнө чемпионатындагы жарым коргонуусу эң мыкты делген командалардын бири. Витинья менен Жоау Невеш “Пари Сен-Жерменде” (ПСЖ) ойноп, эки ирет катары менен Чемпиондор лигасын утуп алды. Алар команданын негизги оюнчулары болду. Бруну Фернандеш дагы бир нече сезондон бери олуттуу кризисти башынан кечирип жаткан “Манчестер Юнайтед” сыяктуу клубда жогорку деңгээлде оюн көрсөтүүдө. Мындай туруксуз командада мыкты форманы кармап туруу чынында эле оңой эмес. Жалпысынан, курамы боюнча Роберто Мартинестин командасы абдан күчтүү көрүнөт. Бирок негизги суроо кала берүүдө: Роналду өз мүмкүнчүлүктөрүн канчалык ишке ашырат? Азырынча ал анчалык күчтүү саналбаган Өзбекстанга каршы беттеште гол киргизип, Хорватияга каршы пенальти тепти. Ал эми күчтүүрөөк атаандаштарга каршы оюндарда анын натыйжалуулугу азырынча төмөнүрөөк.

1/8 финалда Португалия Хорватияны жеңди. Хорватиялык Лука Модрич менен Португалиянын чабуулчусу Криштиану Роналдунун беттештен кийинки сүрөтү. “Торонто” стадиону, Канада. 2026-жылдын 2-июлу.

Испания болсо акыркы бир нече жылдан бери командалык оюну абдан мыкты экенин көрсөтүп келет. Азыркы учурда чабуулдагы негизги ийгиликтер Ламин Ямалга байланыштуу жана Луис де Ла Фуэнте ага чоң ишеним артып жатат. Бирок жаракаттан улам тайпалык оюндарды толук өткөрө алган жок жана азырынча толугу менен мурдагы абалына келе элек.

Ошентсе дагы Испаниянын курамында Микел Оярсабал бар. Ал “Реал Сосьедадда” мыкты сезон өткөрүп, 15 гол киргизип, 4 голдук пас берген. Бул турнирде ал төрт оюнда эле 5 голдук аракетке түздөн-түз салым кошту. Андан тышкары, Фабиан Руис, Ферран Торрес, Микел Мерино сыяктуу футболчулар Испанияга зор күч-кубат берет. Менин оюмча, дал ушул жакшы уюшулган командалык оюнунун эсебинен Испаниянын чейрек финалга өтүү мүмкүнчүлүгү жогору".

Испания менен Португалиянын кимиси жеңсе, АКШ менен Бельгиянын жеңүүчүсүнө түшмөкчү. Мунун алдында АКШ курамасынын эң мыкты чабуулчусу 24 жаштагы Фоларин Балогун оюнга чыкпайт деп айтылып жаткан. Ал мурдагы беттеште кызыл айып кагазын алып, оюндан чыгарылган эле. ФИФА эрежелерине ылайык Балогун жок эле дегенде эки оюнга чыкпашы керек эле. Бирок дисциплинардык регламентке таянып, ФИФА Балогундун жазасын жеңилдеткени белгилүү болду. Бул берененин футбол уюму дүйнө чемпионатында биринчи жолу колдонду.

Айрым дүйнөлүк басылмалар ФИФА бул чечимди АКШ президенти Трамп уюмдун жетекчиси Жанни Инфантино менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин кабыл алганын жазууда. ФИФ буга комментарий бере элек.

Чейрек финалдын беттештери 9-12-июлда өтөт. Ал эми жарым финалдык беттеш 14-15-июлда болуп, финалды 19-июлда көрө алабыз.