Чек ара бекетиндеги кармоодо ок атуу болуп, отуздай кызматкер УКМКга жеткирилди

Кыргызстандын чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Баткен облустук башкармалыгынын кызматкерлери “Альфа” атайын бөлүктүн жоокерлери менен бирге "Кадамжай" жана "Чечме" көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде Чек ара, Бажы жана Ветеринардык көзөмөл кызматтарынын кызматкерлерин кармоо операциясын жүргүзүү учурунда ок атуу болду. Бул тууралуу Kaktus.Media жана 24.kg басылмалары укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянуу менен жазышты.

Операция 5-июлдун кечинде, саат 19:00дө жүргөн. Маалыматта атайын кызматтын кызматкерлери бекеттерге кирип барган маалда андагы кызматкерлер ок чыгарышканы кабарланат.

Басылмалар тактагандай, операциянын жыйынтыгында жалпы 27 кызматкер УКМКнын аймактык башкармалыгына жеткирилди. Эки АК-74 автоматы эки магазини жана 60 огу менен алынган.

Чек ара бекетинде кызмат кылган жооптуу адамдар коррупцияга шектелүүдө. Кармоо учурунда ири көлөмдө акча каражаты да алынганы кабарланууда.

УКМК жана башка органдар бул боюнча расмий маалымат тараткан жок. Күч түзүмдөрү басылмалардын кабарын төгүнгө да чыгарыша элек. (ErN)