Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов быйыл жайдын аягында жана күздүн башында борбордо өтчү саммитке байланыштуу баш калаада чектөөлөр болорун эскертип, бишкектиктерди шаардан чыга турууну суранды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы болот. Өлкөбүзгө биринчи жолу 21 мамлекеттин жетекчилери бир учурда келишет. Айрымдары биринчи айымдар менен. Себеби айрым президенттердин Кыргызстанга мамлекеттик сапарлары болмокчу. Ошондуктан Бишкек шаарынын тургундарынан сураныч: ушул күндөрү Ысык-Көлгө же башка эс алуучу жайларга барып турсаңыздар. Болбосо шаар ичинде өзүңүздөргө эле ыңгайсыз болот. Үч күн бою жолдор тез-тез жабылып турат".
Президенттин маалымат катчысы быйыл мектеп жана университеттер 15-сентябрдан тарта башталарын жана эс алуу күндөрүн азыртадан тарта пландоону өтүндү.
Кыргыз өкмөтү 2026–2027-окуу жылын жалпы билим берүү уюмдарында 15-сентябрда баштап, 2027-жылдын 25-майында аяктоону пландап 27-июнда Агартуу министрлигинин билдирүүсүнөн кийин белгилүү болгон. Мындай чечим Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын, Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саммитинин жана өлкө эгемендигинин 35 жылдыгын өткөрүүгө байланыштуу сунушталган.
Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити жана өлкөнүн эгемендигинин 35 жылдыгы ушул жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өткөрүлөт. (ErN)